Кыргызстандын нымдуулугу

Кыргызстандын нымдуулугуКыргызстандын аймагынын кескин тилмеленгенине байланыштуу нымдуулуктун таралышы ар түрдүүлүгү менен айырмаланат, бирок салыштырмалуу нымдуулук 50—70% тин тегерегинде термелет. Кыргызстандын аймагы боюнча салыштырмалуу нымдуулуктун эң аз өлчөмү июль, август жана сентябрь айларында, эң көп өлчөмү январь, февраль жана март айларында байкалат. Жай айларында салыштырмалуу нымдуулуктун өлчөмү Фергана өрөөнүнүн тоо этектеринде жана капталдарында 33% тен 56% ке, Чүй жана Талас өрөөндөрүндө 38%тен 57%ке чейин өзгөрөт. Салыштырмалуу нымдуулук ички региондордо бир аз көтөрүңкү (43% тен 63% ке чейин). Жайкы нымдуулуктун эң жогорку мааниси Ысык-Көлдүн жээгине (55—70%) жана 3000 м ден жогору бийиктикке туура келет.

Кышкы салыштырмалуу нымдуулук тоо капталдарына караганда өрөөндөрдө жогору болот. Мисалы, Чүй өрөөнүндө 600 м бийиктикте 80% болсо, 800 м бийиктикте 70 %. Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы 1600 м бийиктикте 50—60%. Кышында Долон ашуусунда — 65%, Ак-Сайда 75%. Демек, салыштырмалуу нымдуулуктун жылдык айырмачылыгы (амплитуда) өрөөндөрдө жогору, тоолордо төмөн. Мисалы Чүй өрөөнүндө нымдуулуктун амплитудасы 30%, Ак-Сайда 20% , Ысык-Көлдүн жээгинде 10%.