Кыргызстанды изилдеген белгилүү географтар

Кыргызстанды изилдеген белгилүү географтар

Кыргыз география коому – ил. коомдук уюм. 1947-ж. январда Фрунзе ш-нда негизделген (1964-ж. чейин – СССР география коомунун Кыргыз филиалы). СССР геогр. коомунун ил. совети Кыргыз филиалын 1947-ж. 3-апрелде бекиткен. 1956-ж. чейин филиал Кыргыз мамл. пед ин-туна (1951жылдан КМУга) караштууболгон. 1956-жылдан Кыргыз ССР ИАнын карамагында. 1956-ж. коомдо СССР геогр. коомунун 25 анык мүчөсү болсо, 1990-ж. 1200гө жеткен. К. г. к-нун үч бөлүмү (Борб.уюм, 322 киши; Ош, 132 киши, 1956-ж. уюшулган; Ысык-Көл, 111, 1956-ж.), 8 коллективдүү мүчөсү (Кыргыз ул. ун-ти, КРУИАнын Геология, Сейсмология, Экономика, Биология ин-ттары, Тяньшань бийик тоолуу физ.-геогр. станциясы, КРнын Гидрометеорология боюнча агентствосу, Финансы министирлигинин Экон. жана математикалык пландаштыруу боюнча ил. из. ин-ту)бар. Коомдун жогорку органы – съезд, ал 4–5 жылда бир чакырылат. Съезддер аралыгында ишти съезд шайлаган Ил. Совет жана анын Президиуму алып барат. Геогр. коомго президент (1970-жылга чейин – төрага) жетекчилик кылат. 1-төрагасы акад. К. И. Скрябин, 1956–64-ж. К. Оторбаев, 1964–2002-ж. коомдун президенти С. Өмүрзаков, 2003-жылдан профессор А. Осмонов.

Геогр. коом: 1) ил. докладдарды талкуулайт; 2) ил. конференция, кеңешме ж. б. өткөрөт; 3) съезддерди чакырат (1970, 1975, 1980-ж. Фрунзеде, 1985-ж. Ошто, 1990-ж. Караколдо өткөрүлгөн);4) бардык геогр. маселелер боюнча экспертиза жүргүзүп, кеңеш берет; 5) ил. экспедиция ж. б. изилдөөлөрдү уюштурат; 6) геогр.илимин элге жайылтат; 7) ил. Эмгектерди басып чыгарат. 1959-жылдан К. г. к-нун басма органы – «Кыргыз географиялык коомунун кабарлары».

Колдонулган адабияттар түзөтүү