Кыргызстан алтын кендери

Кыргызстандын аймагында алтын кендери байыркы мезгилден бери белгилүү болгон. Анын алгачкы (чулу тоотектегиси) да, чачынды кендери да казып алынып келген.

Байыркы мезгилдеги казуу иштеринин издери Боз эмчек, Кичи Сандык, Куру Тегерек, Акташ, Кумбел, Куран Жайлоо сыяктуу алгачкы (чулу) кендерден жана Касан, Чаткал, Чандалаш, Кумбел, Нарын дарыяларынын жээктериндеги чачынды кендерден байкалат. Республикада 1946-60-жылдары жүргүзүлгөн орто масштабдуу геологиялык картага түшүрүү жана издөө-изилдөө иштеринин натыйжасында алтындын бир топ кен-кенчелери табылган. 1968-ж. Макмал кени ачылып, чалгындалган соң, 1975-ж. андагы алтындын запасы бекитилген. 1976–80-ж. Жерүй ири кени айкындалып, чалгындалган. 1983-89-ж. Талдыбулак-Солжээк кени чалгындалып, запасы бекитилген. 1970-жылдары издөө-изилдөө иштери Борбордук Теңир-Тоонун алыскы аймактарында жүргүзүлүп, 1978-ж. Ысык-Көлдүн Сыртындагы Акшыйрак кырка тоосунда 4000 м бийиктикте ири Кумтөр кени ачылып, чалгындоо иштеринен кийин, 1990-ж. запасы бекилип, 1995-жылдан казылып алынууда. Дыкат чалгындоо иштери 7 алгачкы (чулу) кенде (Тегерекан, Терек, Миронов, Макмал, Ашуу (Перевал), Жерүй, Кумтөр), 3 чачынды кенде (Төмөнкү Чандалаш, Курутегерек, Касан) жүргүзүлгөн. Дагы 7 алгачкы (чулу) кенде (Иштемберди, Чапчыма, Карадөбө, Боземчек, Куранжайлоо, Талдыбулак-Солжээк, Курутегерек), 4 чачынды кенде (Чыгыш Нарын, Кумбел, Курутегерек жана Узунакмат) орточо дэңгээлдеги чалгындоо иштери жасалган. Кыргыз Республикасынын аймагында алтындын 1 миңден ашуун кени жана кенчеси белгилүү. Алтын байыркы чөкмө, метаморфизм жана жанартоо тектеринде, ар кайсы мезгилдин конгломерат, сланец, мрамор жана акиташ тектеринде, ошондой эле үчүнчүлүк доорунан кийинки жаш жана азыркы борпоң тоотек катмарларында кезигет. Негизинен Түндүк жана Ортоңку Теңир-Тоодо кеңири тараган.

Алар бир нече алтын рудалуу формацияны камтыган контакт-метасоматоз (скарн) жана гидротерм типтерине бөлүнөт. Түндүк Теңир-Тоодо скарн тибиндеги алтын рудасына Насонов кени кирет, ал терриген катмарын жиреп чыккан гранит-диорит массивинин түндүк контактысында жатат. Алтын рудасы жез сульфиддери менен тыгыз парагенезисте болуп, скарн кабатчаларында топтолгон. Ортоңку Теңир-Тоодо контакт-метасоматоз жолу менен пайда болгон алтын кендери скарн-алтын-шеелитүү (Кумбел), скарн-алтын-жез-платиналуу (Сулуутегерек), скарн-алтын-жездүү (Боземчек), скарн-алтын-колчедандуу (Карадөбө) жана алтын-волластониттүү формацияларына ажыратылат.

Түндүк Теңир-Тоонун гидротерм жолу менен пайда болгон алтын рудасы скарн тибиндегиге караганда көбүрөөк таралган. Мында алтын рудалары алтын-сульфидүү (Солтонсары, Далпыраң, Куранжайлоо) жана алтын-кварцтуу формацияларга ажыратылат. Ортоңку Теңир-Тоонун алтын рудаларынын минералдануусу алтын-мышьяктуу, алтын-полиметалдуу (Чапчыма, Зексай) формацияларда кездешет. Гидротерм кендеринде алтын таза түрүндө кезигет да сульфиддүү минералдарда, кварцта субдисперс түрүндө болот. Алтындуу руда тулкулары тарамдарды, линзаларды, рудалуу мамычаларды, штокверктерди түзөт.

Кээ бир өрөөндөрдө (Чаткал, Суусамыр ж. б.) алтын кен чачындылары бар.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү