25 Январь (Үчтүн айы)
Декабрь – Январь – Февраль | ||||||
Дш | Шш | Шр | Бш | Жм | Иш | Жк |
1 | ||||||
2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 |
16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 |
23 | 24 | 25 | 26 | 27 | 28 | 29 |
30 | 31 | |||||
2012-жыл |
25-январь Григорий календары боюнча жылдын 25-күнү, жылдын аягына чейин 340 (толук жылда 341) күн бар.
Майрамдар
түзөтүүБеларусь, Казакстан, Орусия, Украина – Студенттер (Татьяна) күнү.
Египет – Улуттук Полиция күнү, Революция күнү.
Индия – Шайлоочулардын улуттук күнү.
Индонезия – Азыктандыруу күнү.
Окуялар
түзөтүү- 1072 – Махмуд ал-Кашгари "Түркий сөздөрүнүн жыйнагы" ("Диван лугат ат-турк") чыгармасынын жазып баштаган.
- 2014 – Каныбек Осмоналиев I даражадагы Манас ордени менен сыйланган.
- 41 – Клавдий Рим императору катары шайланды.
- 1348 – Фриулиде (азыркы Италияда), катуу жер титирөө болду, анын кесепетинен Римде да кыйроолор учураган.
- 1494 – Алфонсо II Неаполдун королу болду.
- 1533 – Англиянын королу Генри VIII жашыруун түрдө экинчи аялы Анна Болейнге үйлөндү.
- 1554 – Бразилиядагы Сан-Паулу шаары негизделген.
- 1573 – Жапонияда Микатагахара салгылашуусу, Такеда Шинген Токугава Иеасуну женди.
- 1575 – португалиялык навигатор Паоло Диас Анголанын башкалаасы Луанданы негиздеген.
- 1755 – орус падышасы Елизавета Петровна Москва университетинин негизделиши тууралуу буйрук чыгарган, студенттер Татьяна күнү деп белгилешүүдө.
- 1765 – Түштүк Американын түштүк учундагы Фолкленд аралдарындагы британиялык биринчи турак, Эгмонт порту негизделген.
- 1787 – карыз түрмөлөргө каршы көтөрүлүштү америкалык жараан Дэниел Шейс федералдык арсеналды алууга жетектеген.
- 1791 – Британиянын Парламенти Квебек облусун Жогорку жана Төмөнкү Канадага бөлгөн (азыркы Онтарио менен Квебек).
- 1792 – Лондондун корреспонденциялатуучу коому негизделген.
- 1858– Феликс Мендельсондун "Уйлөнүү той маршы" королева Викториянын кызы Виктория менен Пруссиялык император Фридрих IIIнүн үйлөнүү тоюнан кийин белгилүү үлпөт маршы болуп калган..
- 1879 – Болгариянын Улуттук банкы негизделген.
- 1881 – Томас Эдисон жана Александр Грэм Белл Ориентал Телефон компаниясын түзүшкөн.
- 1890 – Нелли Бли 72-күндүк Жер шарын айланып чыгуучу сапарын аяктады.
- 1909 – Рихард Штраустун «Электра» аттуу операсынын бет ачары Дрезден мамлекеттик операсында орун алган..
- 1915 – Александр Грэм Белл америкалык трансконтиненталдык, Нью-Йорктон Сан-Францискодогу Томас Ватсонго чейин телефон тейлөөсүн ачты.
- 1918 – Украина большевикттик Россиядан бөлүүнүүсү тууралуу жарыялаган.
- 1919 – Улуттар Лигасы негизделген.
- 1924 – Франциянын Шамони шаарында Кышкы Олимп Оюндарынын ачылыш аземи болгон.
- 1932 – Экинчи Кытай-Жапон согушу: кытай элдик революциячыл аскер Харбинди коргоону баштады.
- 1942 – Экинчи дүйнөлүк согуш: Таиланд АКШ жана Улуу Британияга согуш жарыялады.
- 1945 – Экинчи дүйнөлүк согуш: Балдж чокуларындагы салгылашуу.
- 1949 – Эмми сыйлыгынын бет ачары болгон.
- 1955 – СССР Германия менен согуш абалын токтоткон.
- 1961 – Вашингтондо Джон Ф. Кеннеди телеберүү аркылуу биринчи жолу түз эфирде президенттик басма сөз жыйынын тартуулады.
- 1969 – Бразилия аскеринин капитаны Карлос Ламарка аскер диктатурасы менен күрөшүу үчүн 10 автоматты 63 винтовканы алып качкан.
- 1971 - Иди Амин мамлекеттик төнкөрүш чыгарып, Милтон Оботту түшүрүп, Уганданын президенти болуп калган.
- 1971 - Химачал-Прадеш Индиянын 18-штаты болуп калды.
- 1986 – Угандада Каршылык Улуттук кыймылы Тито Океллонун өкмөтүн кулаткан.
- 1990 – Күйүктөрдүн күнү аттуу бурганак Европанын түндүк-батыш тарабына зыян келтирген.
- 1994 – "Клементина" космос зонддун учуруусу орун алган.
- 2011 – Египетте революция башталган.
Төрөлгөндөр
түзөтүү- 1459 - Пауль Хофхаймер, австриялык органист, композитор (1537 к.б.).
- 1743 - Фридрих Якоби, немис жазуучу, философ (1819 к.б.).
- 1783 - Уильям Колгейт, америкалык ишкер, «Colgate-Palmolive» компаниясынын негиздөөчүсү (1857 к.б.).
- 1806 - Орест Новицкий, украиналык философ (1884 к.б.).
- 1938 - Владимир Высоцкий, орус ырчы, актер, акын (1980 к.б.).
- 1942 - Эйсебио, футбол боюнча Португалия курамасынын оюнчусу, "Алтын топтун" ээси.
- 1980 - Хави Эрнандес Креус, Барселона футбол клубунун легендарлуу оюнчусу, көптөгөн олжолордун ээси.
Кайтыш болгондор
түзөтүү- 477 - Гейзерих, вандалдарын королу (389 т.).
- 1067 - Ин-цзун (Сун династиясы), Кытай императору (1032 т.).
- 1366 - Генрих Сузо, немис жазуучу жана акын (1300 т.).
- 1559 - Кристиан II, Дания королу (1481 т.).
- 1578 - Михримах-султан, Сулайман I жана Хүррем Султандын кызы (1522 т.).
- 1640 - Роберт Бертон, англис илимпоз жана жазуучу (1577 т.).
- 1852 - Фаддей Беллинсгаузен, орус деңиз изилдөөчүсү, Антарктиданы биринчи ачкан адам (1778 т.).
- 1957 - Киёси Сига, жапон доктур жана микробиолог (1871 т.).
- 1958 - Жемил Топузлу, түрк доктур жана саясатчы (1866 т.).
- 2009 - Эвальд Койман, голландиялык музыкант, мугалим (1938 т.).