Кыргыз таануу (анг. - Kyrgyz study; орус - кыргызоведение) - кыргыз элинин (анын ичинде кыргыздарга жуурулушкан жана кыргыздардан бөлүнүп, башка элдерге кошулган этностордун) тарыхын, тилин, философиясын, этнографиясын, руханий жана заттык маданиятын ар тараптуу, комплекстүү, илимий деңгээлде иликтөөчү тармак.

Бул тармакка кыргыздар байырлаган тарыхый чөлкөмдөрдүн (анын ичинде азыркы Кыргызстандын, Борбордук Азиянын, Сибирдин жана Ички Азиянын) тарыхый-географиясын, картографиясын, ономастикасын жана башка илимий жагдайларын иликтөө да кирет.

Пайдаланылган адабияттар түзөтүү

  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. - Том 1-6.