Кыргылчал, Кыргыл-кырк чоронун башчысы, эпостун баардык варианттарында айтылган туруктуу каарман. С. Орозбаковдо өз аты Айнакул, Кыргылчал ылакап аты делет. Кыргылчал баатырдыгы, эрдиги менен катар куйту, бузукулук кылып, адамдарды чабыштырганга маш кейипкер катары сүрөттөлөт.

Кырктын башы Кыргылчал
Кыркында көпкөн жинди чал
Келген чоро улугу
Кеби тентек,чорт кыял
Кырк чоронун бузугу
Бузукулук ойлогон
Буттайын бузуп ийсе да
Буудан Манас кабылан
Бузду экен деп койбогон


Эпосто Кыргылчалдын бузукулук иштери бир топ эпизоддордо айтылып,кээде каармандар арасында карама-каршылыктарды туудурат. Варианттардын баардыгында кездешүүчү Чубактын Алмамбеттен чалгындын жолун талашып чыр чыгарышына Кыргылчалдын бузуку кеби себеп болот. Ошондой эле С.Каралаевдеги Чубактын таарынып кетиши, Коңурбайдын Таласка чабуул жасашы да Кыргылчалдын бузукулугунун натыйжасы. Семетейде кырк чоронун Семетейдин колунан өлүшүнө да Кыргылчал себепкерлердин бири болот. Кыргылчалдын терс сапаттары жөнүндө Букардан Таласка келгендеги сөзүндө Каныкей мындай дейт:

Кырк чоронун кыйшыгы
Кыргылчал какшаал өлдүбү?
Кыргылчал чочко өлбөсө,
Кыямат жүзүн көрбөсө,
Кең Талас бизге жер болбойт,
Алты агаң бизге эл болбойт.

Адабият түзөтүү

  • Манас энциклопедия. Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы.“Мурас” илимий-пропагандалык ишкер долбоору Бишкек,1995.