Күбөк — зер буюму. кыргыз айымдардын кооздук жасалгаларынын бири.

Жалпы сүрөттөмө түзөтүү

Күбөктүн узундугу 80 см болот. Мунун эки өрүм чачка тагыла турган эки бөлүктөн зер шөкөттөрү бар. Анын ар биринде аралары мончоктолгон тоголок күмүш чыйрак жиптерден турган чаян түйүштөрү тизмектешет.
Конус шекилиндеги себет түшкөн сөйкө сыяктуу эки күбөктүн узуну 7,5—8 см, дм 7,5 келет.

Бул күбөктүн жалпы көркөмдүгүн арттырып турат.
Мунун башында чөйчөкчөлөнгөн көлөмдүү (4 см, дм — 12 см) ичине чыйрак чыйратылган, сыртында кызылдан (60 тал, узундугу 12 см), ичинде 60—80 тал узундугу 24 см төкмө чачыктары болот. Аны жибектен да, жүндөн да, кебезден да ийрип чыйратып алат.
Күбөккө түшкөн оюм-чийимдер азем буюмдарына (жасалгаларына) түшкөн кооздуктардан анча айырмаланбайт.
Күбөктүн жиптери, канатындагы оюм-чийимдер бирдей окшоштукта болот. Күбөктүн жиптери кызыл да, сары да, жашыл да, кара да болушу мүмкүн. Буюмду Талас, Кетмен-Төбө, Жаңы-Жол, Ала-Бука, Чаткал тарапта жашаган элдер арбын колдонушат.

Изилдениши түзөтүү

Күбөк тууралуу маалыматтар кыргыз этнографиясын жана кийим кечектерин, узчулукту иликтеген Клавдия Антипина, Какен Мамбеталиева, Амантур Акматалиев сыяктуу этнографтардын изилдөөлөрүндө камтылган.


Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)