Күрдстан тоолору, Күрд тоолору Армян жана Иран тайпак тоолорунун ашташкан жеринде, Түркия, Иран жана Ирактын аймактарында жайгашкан. Күрдстан тоолору кырка тоолордун жана тоо массивдеринин татаал тармактарынан турат; эң бийик жери 4168 м (Жило чокусу). Кыры жайпагыраак, капталдары тик, капчыгайлар көп; эң бийик кырларында (альп тибиндеги) чакан мөңгүлөр бар. Климаты субтропиктик; жаан-чачыны түштүк-батыш капталдарында 1000-3000 мм, түндүк-чыгыш беттеринде 400-700 мм. Түштүк капталдарында жер ортолук деңиздик токой жана бадалдар (маквис, эмен токою, мисте жана арча сейрек токою), түндүк беттеринде тоо-талаа өсүмдүктөрү өсөт. Жайпак чокуларын альп шалбаасы ээлейт. Көчмөн мал чарбасы мүнөздүү; дарыя өрөөндөрүндө бак-дарак, буудай, жүгөрү, арпа өстүрүлөт. Күрдстан тоолору көбүнчө Армян Тавр тоолору деп аталат.

Күрдстан тоолору.

Колдонулган адабияттар түзөтүү