Күрөң топурак — кургакчыл дарак, бадал, чөп өскөн, сууга жуулбас топурак тиби. Кышы жумшак, жайы салкын, кургак субтропик климат шартында түзүлөт. Түндүк Европа, Түндүк Африка, Алдынкы Азияда, Кытайда, Индстан жарым аралында, Мексика, Аргентинада жана башка; КМШ өлкөлөрүндө Крымдын түштүгүндө, Борбордук Азия менен Закавказьенин тоолуу аймактарында кездешет. Кыргызстандын жалпы жер аянтынын 9%ке жакынын ээлеп, Батыш Тянь-Шандын түндүк беттеринин топурагы Күрөң топурак болот. Күрөң топурактын тик профили үч катмардан (горизонттон) турат. Үстүнкү А катмары күрөң, жумшак (борпоң) чириндилүү келип, бүртүкчө структуралуу. Ал төмөнкү В катмарына акырындык менен өтөт. В катмары бир аз нык жана чополуу келип, кесек бүртүк структуралуу; сууга жуулбас бөлүкчөлөрдөн (агрегаттардан) турат. Андан төмөнкүсү – топурак пайда болуучу катмарга билинбей өтөт, ал саргыч, карбонаттуу, жеңил жана органикалык чополуу, бир аз кесек кум, таш аралаш чөгүндү тоотектен турат. Күрөң топуракта чиринди 3,5-4%тен 3-12%ке чейин жетип, төмөн карай акырындык менен азаят. Топурак сиңирме комплексинде кальций жана магний туздары көбүрөөк. Реакциясы жегичтүү жана нейтралдуу. Күрөң топурактуу жер дан эгиндерин, мөмө-жемиш бактарын өстүрүү үчүн жана чабынды, жайыт катары пайдаланылат.

Күрөң топурак.

Колдонулган адабияттар түзөтүү