Көзкамандар Манастын жакын тууганы Үсөндүн, анын балдарынын эпосто жалпы аталышы. Көзкамандар окуясы эпостун дээрлик бардык варианттарында кезиккен салттык туруктуу окуялардын бири. Бардык варианттарда окуянын сюжеттик өзөгү окшош болгону менен окуянын өнүгүшү, каармандардын ысымдары, саны ар башкача берилет. Сагымбай Орозбаковдо Орозду, Бай, Жакып, Үсөн төртөө Ногойдун балдары делип, кытай кыргызды туш-тушка таратканда Үсөн калмактардын арасында калат. Калмактан аял алып, балдары калмакча тарбияланат. Манас ата журтун душмандан бошотконун угуп, беш баласы менен көчүп келген Үсөнгө Манас мал-мүлк, жер бөлүп берет. К. Манаска тең тууганбыз дешип, амал менен көзүн тазалап, бийликке ээ болууну самай башташат. Саякбай Каралаевдин вариантында Көзкаман менен Көкчөкөз бир тууган делип, Желтийбес, Чаңдаяк, Орозон бешөө Эсенкандын тапшырмасы менен Манасты өлтүрүүгө атайын келишет. Ал эми Радлов жазып алган вариантта кызын Манаска калыңсыз берген Темирканга нааразы болгон вазири кыргыз менен калмактын ортосунда тыңчылык кылган Көзкаман менен Көкчөкөзгө уу берип Манасты өлтүрүүгө буйрук берет. «Мажму ат-таварихте» чыккынчы Тубайды Манасты өлтүрүүгө Жолой жиберет. К-дын Манаска каршы күрөшүндө айрыкча Көкчөкөз активдүү аракеттенет. Сагымбай Орозбаковдо да, Радлов жазып алган вариантта да Көкчөкөз Манасты атып жарадар кылат, Каныкейди зордук менен алам дейт. Чалгынга барып, Айканга Манастын келатканын кабарлап коюп, Манаска келип калмак бейкапар жатат дейт. Саякбай Каралаевдин вариантындада, Радлов жазып алган вариантта да Манаска ууну Көкчөкөз берет. Сагымбай Орозбаковдо Манастын келатканын уккан К. чатакташып, бычакташып өлүшөт. «Көзкамандарча бычакташкан» деген сөз эл оозунда ушундан калган делет. Ал эми Саякбай Каралаевдин вариантында Манасты өлтүрүп салдык деп, сүйүнүп кытайга кетип бараткан жолдо К. артынан кууп жеткен Бакай баш болгон кырк чоронун колунан өлөт (к. Манастын сюжети):

К-дын тууганы Манаска чыккынчылык кылышынын себептери варианттарда ар башкача мотивдештирилет. Калмактардын арасында туулуп, дили калмак болуп калган К. кыргыздын турмушуна көнө албай өгөйлөшөт. Манас берген дүнүйөгө манчыркап, Манастын дүйнө-мүлкүнө көз артып аны жок кылгылары, ордуна кан болгулары келишет. Манасты күч менен ала албай тургандыктарын билген К. аны амал менен мертинтүүгө аракеттенишет (Сагымбай Орозбаков). Манасты өлтүрүү үчүн кытайдан атайылап келишет (Саякбай Каралаевдин варианты ). Манас эпосундагы бул эпизоддун сюжети көп жактарынан (туугандарынын чыккынчылыгы, жарадар болгон баатырдын айыгышына жаныбарлардын жардам бериши, аялына үйлөнмөк болушу жана башкалар) түрк-моңгол элдеринин эпосторуна («Алтай-Буучай», «Көгүдей») үндөшүп турат.

Манас элдин эркиндиги үчүн күрөшкөн элдик баатыр болгондуктан ага каршы турган адамдар жеке Манаска гана эмес, элдин эркиндигине, биримдигине каршы күрөшүүчүлөр катары кабылданат. Ошондуктан Көзкаман, Көкчөкөздөрдүн ысымдары эң коркунучтуу душмандардын катарында аты аталат. Жекече кызыкчылыгы, мал-мүлк, бийлик үчүн кандаш туугандарына чыккынчылык кылуу кылмыштын эң жаман, эң жийиркеничтүүсү катары каралып, элде «өздөн чыккан жат жаман» деген макал да айтылат. К-дын өзгөчө коркунучтуулугу — алардын өз болумуш болуп, астыртадан жамандык иш жасагандыгы, чыккынчылыгы.

К. окуясынын «Манас» эпосунан орун алышынын мезгили, себептери, «Көзкаман» деген ысымдын келип чыгышы жөнүндө окумуштуулар арасында ар кандай пикирлер бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4