Көк-Суу

Көксуу‎»‎ барагынан багытталды)

Көк-Суу — тоодогу мөңгүлөрдөн, көлдөрдөн, булактардан башталган көк кашка тунук суу. Дарыя, көл, жер, айыл-кыштак аттары түрүндө да Кыргызста ндын аймагында кеңири таралган.

  • Көк-Суу (чыгыш)Алай району аймагы аркылуу аккан суу. Чыгыш Кызыл-суунун алабына кирет. Алайкуу кырка тоосунан башталат. Узундугу 80км, алабынын аянты 976 км2. Жогорку агымында кууш өрөөн аркылуу агат. Өзөнү ичке келип, көптөгөн босоголор кезигет. Ортоңку агымында өзөнү кеңейип барып Кызыл-сууга куят да андан кийин чыгышты (Кытайды) карайа гат.
Көксуу-1
Көксуу-2
  • Алай өрөөнүндөгү суу, Кызыл-суунун оң куймасы. Узундугу 65км, алабынын аянты 1105 км2.
    Алай кырка тоосунун түштүк капталындагы Абрамов мөңгүсүнөн башталып, капчыгайлуу өрөөн аркылуу түштүктү карай агат. Ири куймалары: Асан коргон, Тегерек, Музбел, Кулжабашы (оң), Ойбала, Дүңгүрөмө, Карабел (сол). Негизинен кар, мөңгү жана булак сууларынан куралат. Жылдык ортчо чыгымы 10–12 м3/сек. Эң көп чыгымы июль-августта, азы февраль-мартта байкалат. Апрель–сентябрда кирип, октябрь–мартта тартылат. Боюнан Жарбашы, Кочкорчу кыштагы орун алган.

Дагы караңыз түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү