Көк-Белес корунд кениБаткен районунда, Калаймакмуд суусунун башатында, деңиз деңгээлинен 3300–3500 м бийиктикте. 1991-ж. табылган. Кен корунд, шпинель, клиногумит, графит, слюда, рутил, сфен ж. б. минералдар менен минералдашкан мрамордун эндоконтакт зонасында, силур–девондун кристаллдуу сланецтери менен кошулган жеринде жайгашкан. Кен үч участкага Түндүк, Борбордук жана Түштүк участкаларына бөлүнгөн. Алардын ичинен перспективалуусу Түндүк жана Борбордук участкалары. Кызгылт корунд минералы бар зонанын өлчөмү 8010 мден 50010 мге чейин, корунд линза уя сымал кезигет. Кристаллдардын өлчөмү 2,521 ммден 201812 ммге чейин. Болжол ресурсу 55,6 кг.

Колдонулган адабияттар түзөтүү