Көк-Жаңгак көмүр кениЖалал-Абад облусунун Сузак районунда, Көк-Жаңгак шаарынын түштүк тарабында. Фергана тоо тизмегинин батыш этегинде, Көгарт жана Чангетсуу өрөөндөрүнүн аралыгында, Серүүн-Дөбө тоосунда. Кен 19-кылымдын аягынан бери белгилүү. 1896-ж. кустардык көмүр казып алуу башталган. Геол. издөө жана чалгындоо иштери 1928-жылдан 1986-жылга чейин мезгил-мезгили менен жүргүзүлгөн. Кен 2 аянтка бөлүнгөн: Түндүк жана Түштүк. Көмүрлүү Көк-Жаңгак свитасында 13 кабат бар. Бул кабаттардын ичинен "5", "6", "6+5" жана “Калың” кабаттары, ал эми Маркай участкасында "5+6", "Калың" жана "Төмөнкү" кабаттары өнөр жайлык мааниге ээ. Кабаттардын калыңдыгы 0,26 мден 15,37 мге чейин өзгөрөт. Сапаты боюнча кендин көмүрү Таш-Көмүрдүн узун жалындуу (Д) маркасына кирет. Көмүрдүн күлдүүлүгү 12,44%тен 22,5%ке чейин, күйүү жылуулугу 27,1 МДж/кг (6474 ккал/кг)дан 32,5 МДж/кг (7764 ккал/кг) чейин өзгөрөт. Көк-Жаңгак кенинин 1997-жылга карата баланстагы запасы А+В+С1 категориясы боюнча 44 млн т.

Колдонулган адабияттар түзөтүү