Көк-Өтөк
Көк-Өтөк — топоним. Манастын Аккуласы туулган жер.
Кара-Суунун четинде,
Көк-Өтөктүн бетинде
Минген атын суудуруп
Кара жалдуу кула бээ
Бир ак сур кулун туудуруп (Сагымбай Орозбаков, 1. 65) отурган Жакыпты сүйүнчүлөп келген Акбалта К.-Ө-төн табат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4