Көнөк баатыр — кыргыз тарыхында жана санжырасында көрүнүктүү инсан. Кээ бир тарыхый булактарда аны Көнөк хан деп да эсептешет. Өз атасы Тилеке баатырды, кээ учурларда Жамаке деп да атап келишкени белгилүү. Бул анын ылакап аты.

Көнөк Жамаке уулу
 
Туулган жылы: 1576 жыл[1]
Туулган жери: ТаласАксы
Каза болгон жылы: 1642 жыл 66 жашында
Уруусу: Саруу уруусу
Атасы: Саруу уулу Тилеке-баатыр (Жамаке) (1554-1620)
Жубайы: Кыпчак кызы
Адеми Шыгай кызы
Кенже Нурхачи кызы
Балдары: Кыпчак кызынан:
Кыркуул, Тубай, Төңтөрт, Тогунай, Эркелей, Ырыс, Айлу

Адемиден:
Эшим
Кенжеден:
Кошкулак

Кесиби: Баатыр

Башка версияларда Алтайда туулган атасы Саруу (Сары), бир топ жыл балалуу боло албай көкө Теңирден тилек кылып жүрүп, кырк жашка чыкканда балалуу болуп Тилеке деп атаган экен. Көнөктүн үч аялы болгон. Биринчи кыпчак уруусундагы аялынан төрт уул, үч кызы болгон: Кыркуул, Тубай, Төңтөрт, Тогунай, Эркелей, Ырыс, Айлу

Ортончу аялы, казактын Шыгай ханынын кызы Адеми. Андан бир уул, эки кыздуу болот. Уулунун атын Эшим деп коет. Эр Эшим же Эшим хан Орто Азияны толугу менен, андан сырткары Шибер (Сибирь) кыргыздары турган жерлерге чейин бийлигин жүргүзүп, үлкөн согуштарда, тагыраак айтканда, ойротторго, Бухар хандыгына, Кытайга, фарстарга жана Кашкар аскерлерине каршы күрөш жүргүзүп турган тарыхый инсан.

Кенже аялы, кытайдын Нурхачы (Нурхаци (1559-1626) Манжур империясынын негиздөөчүсү) хандын кызы эле. Нурхачы хандын 16 аялы, 16 уулу жана 8 кызы болгон. Көнөк баатыр кандайча Нурхачы хандын кызын ала келгендиги тууралуу маалымат жок, бирок, Кытайдан олжого түшүрүп келгендиги тарыхый факт. Мына ушул, Кытай аялынан көргөн баласынын оң жактагы кулагынын астында, дагы бир кулакча болгондугуна байланыштуу, уулунун атын Кошкулак деп атаган. Кошкулактан тараган урпактарын “кытай” деп чакырып, элдин арасында саруунун ичинен ушинтип дагы бир уруу пайда болот. Экинчи версиясында, саруунун “Күркүрөө” уруусу да, дал ошол Кошкулактан таркагандар. Ал эми, “кытай” уруусунун далилдүүрөөк дагы бир версиясы – бул Кошкулак баатыр, Эр Эшим агасынын буйругу менен Кытайга чабуул жасап, бир нече жыл Кытайдын территориясында жашап калып кетип, кайра кыргыз жергесине кайтып келишкенде (кээ бир аскерлер кытай, манжур кыздарына үйлөнүп, балдары менен келишкен) аларга “кытай” деген ылакап ат айтылып жүрүп, саруу уруусундагы аскерлердин үй-бүлөсү “кытай” аталып кеткен экен.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. https://aryba.kg/koom/23461-kadyraly-konkobaev-kolpoch-baatyrdyn-320-zhyldyk-cho-maarakesi-belgilengeni-turat.html