Көп чекиттүү линиялар (англ. Multipoints line - Многоточечные линии). Мисалы, учакка белет сатуучу адам терминалды колдонуп, учактардын учуу графиктери жөнүндөгү маалыматтарды башкы компьютерде сакталган берилиштер базасынан сурап алат. Мында башкы компьютерге суроо талап жиберилет жана жооп кайра терминалга кайтарылып жаткан учурда линиядагы башка терминалдар берилиштерди жибере алышпай калышат. Ошол себептен, ар бир терминалга убакыттын секундадан аз болгон бирдей убакыт үлүшү ыйгарылып турат. Бул учурда терминалдар жалгыз өзү башкы компьютер менен байланышып жаткандай сезишет. Эгерде линияга көп сандагы терминалдар кошулса, анда терминалдар менен башкы компьютердин кабар алмашуусу жайлап калат. Көп чекиттүү бир линияда орнотулган компьютер жана терминалдар саны системдин долбоорлоочулары тарабынан аныкталат. Атайын бөлүнгөн каналдар дээрлик көп чекиттүү конфигурациялык линияларда колдонулат. Көп чекиттүү линияларды колдонуу чыгымдарды кыйла азайтат, себеби бир линияны көп компьютерлер бөлүнүшөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы, У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак, Бишкек 2004. ISBN 9967-14-014-3