Берилиштер базасы, берилишбаза - колдонуучулардын маалыматтык керектөөлөрүн камсыздоо үчүн, бирге сакталынган жана өз ара байланышкан файлдардын тобу. Берилиштер базасы бир учурда бир бирине байланышкан файлдардын каалаганына кайрылууга мүмкүндүк берет. Мисалы, кайсы бир окуу жайынын берилиштер базасын карай турган болсок, ал бир нече файлдардан турат, аларга илимий-иштер, мугалимдердин эмгектери, окуу-методикалык колдонмолор, факультеттин файлдары, курстук файлдар, группа студенттеринин файлдары жана башка ушул сыяктуу көптөгөн файлдар кириши мүмкүн. Бул файлдар биригип, окуу жайынын берилиштер базасын түзүшөт.

Кошумча маалымат түзөтүү


Колдонулган адабияттар түзөтүү