"Көшөгө тартуу" - кыргыз элинин каада-салттарынын бири. Адатта, жаңы келин келгенде, кыз бойго жеткенде жана маркумдун сөөгүн бейитке алып кетээр алдында тийешелүү көшөгө тартылган.


Салттын чоо-жайы түзөтүү

Эски доордо көчмөн кыргыздарда "боз үйгө көшөгө тартуу" деген салт болгон. Адатта, жаңы келин келгенде, үйдө көшөгө тартылат.
Бирок дагы башка эки учурда да көшөгө тартыла турганын азыркы көп жаштар биле беришпейт. Ал учурлар: 1) башка бүлөгө келин болуп кетээр, бой тартып калган кыз үчүн тартылчу көшөгө;
2) кимдир-бирөө каза болуп, боз үйдүн бир тарабына сөөк жаткырылып, ошол сөөк чыгарылаарда тартылчу көшөгө.

Бойго жеткен кыз үчүн жана жаңы келин үчүн тартылчу көшөгө көк, кара жана күрөң түстө болбошу керек деген шарт да болгон.

Адабият түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү