Лаврентий дөңсөөсү - Түндүк Американын түндүк-чыгышында; негизинен Канаданын, бир аз бөлүгү АКШнын аймагында. Түштүк-чыгышынан Аппалачи дөңсөөлөрү, түштүгүнөн Борбордук түздүктөр, түштүк-батышынан Улуу түздүктөр, батышынан Маккензи өрөөнү, түндүгүнөн Гудзон булуңунун ойдуңу менен чектешет. Түндүгүндө жана түндүк- чыгышында Түндүк Муз, Атлантика океандарына чыгат. Тектоникалык жактан Канада калканынын негизги бөлүгү; пенеплендешүүгө дуушарланган. Аянты 5 млн км2 чамасында. Жеринин бети жантайыңкы, күдүрлүү, басымдуу бийиктиги 200–400 м; чыгыш бөлүгү (Лабрадор жарым арал) кыйла көтөрүңкү, жээкке жакын тоолуу рельеф мүнөздүү; мында Лаврентий дөңсөөсүнүн эң бийик жери – Торнгат тоосу жайгашкан, анын бийиктиги 1595 мге чейин. Плейстоценде аймакты муз текши каптаган, муздун калыңдыгы 3000 мге чейин жеткен. Муз каптоону деңиз трансгрессиясы коштогон. Муз каптоодон дөбө-дөңсөөлүү, морена түздүктөрү, друмлиндер, жалдар, океан трансгрессиясынан көлдөр пайда болгон. Бүт аймагы өтө саздашкан, көлдүү. Кендерге (темир жана жез кенташтарына, никель, алтын, уран жана башка) бай. Лаврентий дөңсөөсү мелүүн жана субарктикалык климат алкактарында жайгашкан. Кышы узакка созулуп, кар арбын жаайт. Жай мезгили кыска, муз менен капталган. Гудзон булуңунун жана Лабрадор муздак агымынын таасиринен серүүн. Бардык жеринде көп жылдык тоң кездешет. Дарыялары жыш, босоголуу, шар агат, көбү көлдөрдү туташтырып турган салаалар болуп саналат. Тундра, токойлуу тундра жана тайга зоналары мүнөздүү. Тундра зонасы региондун 2/3 бөлүгүн элеп, анда мамык чөп-эңилчектүү жана буудайыктуу өсүмдүктөр, бадалдар (жапалак кайың, багульник жана башка) өсөт. Токойлуу тундра жана түндүк тайга сейрек токоюнда негизинен кара карагай, бальзам көк карагайы (чыгышында), ак карагай (батышында) жана бальзам тереги (дарыя өрөөндөрүндө) басымдуу. Лаврентий дөңсөөсүнүн түштүк бөлүгү тайга тибиндеги ийне жалбырактуу токой менен жыш капталган; чыгыш бөлүгүнүн токою өтө ар түрдүү, анда ак банкс жана кызыл карагайлар, канада гемлогу басымдуу; аларга аралаш ак чечек, кайың, байтеректин түрлөрү өсөт. Экологиялык абалы негизинен канааттандырарлык; айрым бузулуулар кен казып алынган аймактарда байкалат. Түштүк бөлүктөрүндө АКШнын чектеш аймактарынан келген кислоталуу жаанчачындын таасиринен атмосферанын булганышы байкалат. Коргоого алынган эң ири аймактары: ЮНЕСКОнун Маникуаган – Уабишка биосфера резерваты, Телон резерваты (кой бука популяциясын коргоо).

Лаврентий дөңсөөсү.
Лаврентий дөңсөөсү.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7