Яаков Ландау (Яков Михелевич Ландау, англ. Jacob M. Landau; 1924-жылы 20-мартта Кишинёв шаарында туулган — 2020-жылдын 12-ноябрында Израилдеги Иерусалим шаарында каза болгон) — Израиль өлкөсүндөгү таанымал тарыхчы жана чыгыш таануучу, арабист жана түрколог, саясат таануучу, филолог, социолингвист, театр таануучу жана кино таануучу, Израиль мамлекетинин сыйлыгынын ээси. Кыргызстандагы мамлекеттик тил саясатынын кырдаалын иликтеген. Иерусалимдеги Иврит университетинин саясат таануу факультетинин Жакынкы Чыгышты таануу бөлүмүнүн ардагер профессору.

Яаков Михелевич Ландау, 2005-ж.


Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Яаков Михелевич Ландау 1924-жылы 20-мартта Молдовадагы Кишинёв шаарында Румыния парламентинин Улуттук дыйкандар партиясынан депутаты болгон адвокат жана публицист Михел Ландаунун (1895—1976) үй-бүлөсүндө туулган. Энесинин ысымы Мириам эле.
Михел Ландау Кишинёв шаарында «Ундзер цайт» (“Биздин доор”; 1933—1935) күндөлүк гезитинде иштеген жана өзү да идиш тилинде чыгуучу «Дер ид» (“Жөөт”) гезитин чыгарган.
Чоң атасы Менахем-Мендл Ландау Хырлэу жергесинде чоң синагоганын башчысы болгон.

1935-жылы алардын үй-бүлөсү оторчулуктагы Палестина жергесине көчүп келген.
1942-жылы Яаков Ландау мында Тел-Авив шаарындагы «Герцлия» гимназиясын аяктайт.

Ал Хагана жашыруун уюмунда кызмат өтөгөн, андан соң Израиль коргонуу армиясында кызмат өтөп, капитан даражасында оорукка (запаска) чыккан.

Ал 1942—1946-жылдары Иерусалимдеги Жөөт университетинде жалпы тарых, жөөт тарыхы, арап тили жана адабияты адистиктеринде окуган.

Ал Египет тарыхы боюнча магистрлик диссертациясын профессор Рихард Кёбнердин (Richard Michael Koebner) жетекчилиги астында даярдаган.

Ал Улуу Британиядагы Лондон университетинин Чыгыш жана африка таануу мектебинде (SOAS) докторантурада окуган жана 1949-жылы профессор Бернард Льюистин (Bernard Lewis) жетекчилиги астында «Египеттеги парламент жана партиялар» деген темада докторлук диссертациясын жактаган. Бул эмгеги 1953-жылы китеп болуп чыккан.

Яаков Ландау 1949-жылы Израилге кайтып келип, мында Израиль чыгыш таануучулар коомун негиздешкен жана анын алгачкы төрагасы болгон.

Ал 1958—1993-жылдары Иерусалимдеги Жөөт университетинде окутуучулук кесипти аркалаган. 1993-жылы ал толугу менен аталган университеттин ардагер профессору (professor emeritus) болуп эс алууга чыккан.

Ал андан тышкары Бар-Илан университетинде да дарстар окуган.

Ара-чолодо, 1955––1956-жылдардын аралыгында, ал АКШдагы Гарвард университетинде (Harvard University) да докторлук иштен кийинки илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Ага профессор Гибб (H. A. R. Gibb) жетекчи болгон.

Ал 1993—1998-жылдары Израиль саясат таануучулар жамаатынын президенти болгон.

Профессор Ландау германдык шериги, профессор Барбара Келлнер-Хайнкеле менен бирдикте 1990-жылдары пост-советтик Борбордук Азияны да кыдырып, бул өлкөлөрдөгү эгеимендик доорнудагы тил саясаты тууралуу кеңири өлчөмдө иликтөө жүргүзүшкөн. [1] 1997-жылы күзүндө алар Кыргызстандын борбору Бишкек шаарына да илимий сапар менен келип кетишкен.

Узак жылдар профессор Ландау Израилде жашады.
Ал 2020-жылдын 12-ноябрында Иерусалим шаарында (Израилде) дүйнөдөн кайтты. [2]

Илимий ишмердиги түзөтүү

Профессор Яаков Ландау жалпысынан Осмон султандыгындагы жана ага коңшулаш Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү идеологиялык жана улуттук кыймылдар жаатында иликтөө жүргүзүп келет.

Андан тышкары ал панисламизм, пантүркизм, тил саясаты, Египеттин маданияты, Египеттин теар жана кино тарыхы жаатында эмгектер жазган.

Ал 24 монография жарыялаган, андан тышкары 12ден ашуун илимий жыйнактарга редактор болгон. [3]

Ал АКШ, Улуу Британия, Түркия, Франция, Германия, Нидерланддар сыяктуу өлкөлөрдөгү ар кыл университеттерде чакырылган профессор катары дарстар окуган.

Анын эмгектери жөөт, арап, түрк, англис, француз, немис, грек, италиялык, орус жана кытай тилдеринде жарык көргөн.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Проф. Ландаунун жубайы - Ципора (Tzipora).
Алардын эки баласы бар (Ронит жана Идо), төрт небереси (Смадар, Инбал, Ори жана Томер) бар. [4]


Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

Ландау 2005-жылы Жакынкы Чыгышты изилдөөлөрү үчүн Израилдин сыйлыгына татыган.

Андан тышкары ал Бен Цви институтунун изилдөө сыйлыгына ээ болгон.

Ал Стамбулдагы Богазичи (Boğaziçi) университетинин сыйлыгын алган жана Түрк Тарых Комунун ардактуу мүчөсү болуп шайланган.

Жарык көргөн эмгектери түзөтүү

  • Parliaments and Parties in Egypt. Jerusalem: The Israel Oriental Society, 1953; second edition — New York: Praeger, 1954; London: Routledhe, 2015 (арапчага да которулган; Каир, Бейрут, 1975).
  • Studies in the Arab Theater and Cinema. Philadelphia: University of Pennsylvania Press, 1958; London: Routledge, 2016 (французчага которулган; — Париж, 1965, арапчасы да чыккан; — Каир, 1972).
  • A Word Count of Modern Arabic Prose. New York: American Council of Learned Societies, 1959.
  • The Israeli Communist Party and the Elections for the Fifth Knesset, 1961. Stanford, CA: The Hoover Institution, 1956 (калемдеши –– M. M. Czudnowski).
  • Jews in Nineteenth-Century Egypt. New York: New York University Press, 1969 (иврит тилинде; — Иерусалим, 1967).
  • Arabische Literaturgeschichte. Zürich: Artemis Verlag, 1968 (ивритче; — Тель-Авив, 1970; түркчө; — Анкара, 1994, 2002).
  • The Arabs in Israel: A Political Study. Royal Institute of International Affairs. London: Oxford University Press, 1969; London: Routledge, 2015 (ивритче; — Тель-Авив, 1971).
  • The Hejaz Railway and the Muslim Pilgrimage: A Case of Ottoman Political Propaganda. Detroit, MI: Wayne State University Press, 1971; London: Routledge, 2016.
  • Middle Eastern Themes: Papers in History and Politics. London: Frank Cass, 1973.
  • Radical Politics in Modern Turkey. Leiden: Brill, 1974 (түркчө; — Анкара, 1978).
  • Politics and Islam: The National Salvation Party in Turkey. Salt Lake City, Utah: The University of Utah, 1976.
  • Abdul-Hamid’s Palestine. London: André Deutsch, 1979 (ивритче; — Иерусалим, 1979).
  • Pan-Turkism in Turkey: A Study of Irredentism. London: C. Hurst, 1981; second edition, 1995 (грекче; — Афины, 1985; ханзуча; — Үрүмчү, 1992; түркчө; — Стамбул, 1999).
  • Tekinalp, Turkish Patriot 1883—1961. Istanbul and Leiden: Nederlands Historisch-Archaeologisch Instituut, 1984 (түркчө; — Стамбул, 1996).
  • The Politics of Pan-Islam: Ideology and Organization. Oxford: Oxford University Press, 1990; second edition, 1994; London: Routledge, 2015 (түркчө; — Стамбул, 1993).
  • The Arab Minority in Israel, 1967—1991: Political Aspects. Oxford: Oxford University Press, 1993 (ивритче; — Тель-Авив, 1993).
  • Arabisches Volkstheater in Kairo im Jahre 1909: Ahmad IlFār und seine Schwaenke. Beirut and Stuttgart: Steiner Verlag, 1993 (Bibliotheca Islamica, 38).
  • Jews, Arabs, Turks. Jerusalem: Magnes Press, 1993.
  • Hebrew-Arabic Proverbs. Jerusalem and Tel-Aviv: Schocken, 1998 (калемдеши –– Давид Сагив); second edition, 2002.
  • The Politics of Language in the Ex-Soviet Muslim States (калемдеши –– Барбара Келлнер-Хайнкеле). Ann Arbor: University of Michigan Press, 2001.
  • Exploring Ottoman and Turkish History. London: Hurst, 2004.
  • Language Politics in Contemporary Central Asia (калемдеши –– Барбара Келлнер-Хайнкеле). London: I. B. Tauris, 2012 (орусча; — «Языковая политика в современной Центральной Азии: Национальная и этническая идентичность и советское наследие». –– М.: Центр книги Рудомино, 2015).
  • Man, State and Society in the Contemporary Middle East. London: Routledge, 2017.
  • Ataturk And The Modernization Of Turkey. London: Routledge, 2019.


Ал тууралуу адабият түзөтүү

  • Jacob M. Landau, Bibliography of published works. J. M. Landau, Jerusalem: 2015 (690 чыгарма).
  • Who's Who in World Jewry, 1965, New York
  • Who's Who in Israel, 1966–67, Tel Aviv
  • Who's Who in Israel, 2001, Tel-Aviv
  • Contemporary Authors 1968, Detroit
  • Dictionary of International Biography, 1968, London
  • Marquis’ Who's Who in the World, Chicago
  • Asia's Who's Who of Men and Women of Achievement, Delhi
  • Türk Dili ve Edebiyatı Ansiklopedisi, 1985, Istanbul
  • Guide to the Scholars of the History and Culture of Central Asia, 1995, Cambridge, MA
  • 2000 Outstanding Scholars of the Twentieth Century, 2000, Cambridge, UK
  • The International Directory of Distinguished Leadership, 2000, Raleigh, North Carolina
  • The Contemporary Who's Who, 2003, Raleigh, North Carolina
  • Encyclopaedia Judaica, Second edition, Volume 12, p. 463

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү


Ички шилтемелер түзөтүү

  1. The Politics of Language in the Ex-Soviet Muslim States (калемдеши –– Барбара Келлнер-Хайнкеле). Ann Arbor: University of Michigan Press, 2001.
  2. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 5 -декабрь (бештин айы) 2020. Түп булактан архивделген күнү 1 -декабрь (бештин айы) 2020.
  3. Jacob M. Landau, Bibliography of published works. J. M. Landau, Jerusalem: 2015
  4. https://cms.education.gov.il/EducationCMS/Units/PrasIsrael/Tashsah/Landau/LandauKorotHaim.htm