Лапландерт Уюл тегерегинен түндүктө, Кола жарым аралында, түндүк тайга зонасында жайгашкан. Аянты 2784,35 км2. Корук түндүк тайга менен тоолуу тундраны, ошондой эле жапайы түндүк бугусун коргоо жана аларды сактап калуу максатында 1930-ж. 17-январда уюшулган. 1985-ж.

Лапландия.
Саамдардын Лапландерти



Гимн саамов

Сактоо түзөтүү

ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк координациялык борборунун чечими менен Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерват тармагына кирген. Биосфералык резерваттын негизги проблемасы – биологиялык ар түрдүүлүктү сактап калуу жана глобалдык экологиялык мониторинг. Коруктагы аймактын 52%ин токой, 36%ин аскалар менен тоо тундрасы, 4%ин көл менен дарыялар түзөт. Анын негизги баалуулугу болгон көп жылдык дарактардын жашы 400–600 жыл. Лапландия коругунда түтүктүү өсүмдүктүн 559 (анын ичинде 5 түрү Россиянын Кызыл китебине кирген), мамык чөптүн 231, эңилчектин 115, калпактуу козу карындын 209 түрү бар. Жаныбарлардан сүт эмүүчүлөрдүн 31, канаттуулардын 198, сойлоочулардын 2, жерде-сууда жашоочулардын 1, балыктын 15 түрү жана РФтин Кызыл китебине кирген кадимки берметчен моллюскасы байырлайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7