Ласло Месарош (László Mészáros, 1905-1945) - мажар (венгр) бедизчиси (скульптору) жана коомдук ишмери.

Кыскача өмүр жолу түзөтүү

Ласло Месарош 1905-жылы 18-сентябрда Австро-Венгрия мамлекетинин Будапешт шааарынын чет жакасында туулган. Бедизчилик боюнча өз алдынча таалим алган. Анын эмгектери Будапештте жана Италиянын шаарларында көргөзмөгө коюлган.

Ал социализм идеяларына берилгендиктен, 1935-жылы өз ыктыяры менен Советтер Биримдигине, анын ичинде Кыргызстанга келген. Оболу Москва шаарында байырлаган, ал эми 1936-жылы Кыргызстандын борбору Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарына көчүп келген.

Борбордук Азияда алгачкы болуп Бишкек шаарында бедизчилер (скульпторлор) студиясын негиздеген. 1930-жылдардагы сталиндик куугунтук жана репрессиялардын эпкини Кыргызстандын көркөм өнөрүнө олутту салым кошкон Ласло Месарошко да тийген. Ал да ак жеринен сталиндик зулумдуктун азабын тарткан. Акыры ГУЛагда мерт тапкан.

Анын турмушунун бул оор учуру тууралуу кийин анын өз кызы кызы Марта Месарош тарабынан даректүү (Mészáros László emlékére - "Ласло Месароштун элесине" тасмасы, 1968-жыл) жана 1990-жылдары көркөм тасма да жаралды. Көркөм тасмага кыргыздын чыгаан кино актеру Болот Бейшеналиев да тартылган.

Ласло Месароштун кызы Марта Месарош (Márta Mészáros) 1931-жылы 19-сентябрда Будапештте туулган. Марта Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун (ВГИК) 1956-жылы аяктаган. Ушул тапта ал Польшада жашайт. Азыр ал көрүнүктүү мажар кинорежиссеру катары таанымал.

Чыгармачылыгы түзөтүү

Ласло Месароштун бир катар бедизчилик чыгармалары азыр да Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз көркөм өнөр музейинде сакталып турат.

Анын сакталып калган айрым эмгектеринен:

  • Тебетейчен кыздын бедизи (бюст). 1937. Гипс. 41,5х35х26.
  • Тебетейчен кыз. 1937. Коло. 41,5х35х26.
  • Дыйкан кемпир. 1937. Гипс. 27х17х20.
  • Жоолукчан селки. 1937. Жасалма таш. 34,5х20х26.
  • Кыргыз студентинин портрети. 1937. Жасалма таш. 41,5х19х23.
  • Жигиттин портрети. 1937. Жасалма таш. 34,5х20х24.
  • Селки. 1937. Жасалма таш. 43х20х22.
  • Дыйкан кемпир. 1937. Коло. 27х17х20


Адабият түзөтүү

  • Portuges C. Screen Memoires. The Hungarian Cinema of Marta Meszaros. Bloomington: Indiana UP, 1993
  • Bettinelli C., Viganò D. La settima stanza di Marta Mészàros. Milano: Centro Ambrosiano, 1997
  • Pap K. Ja, Marta… Warszawa: Twój Styl, 1998
  • Трошин А. С. Венгерское кино: 70—80-е годы. М., 1986


Интернеттеги шилтемелер түзөтүү