Ла-Плата булуңу (испанча Rio de la Plata – күмүш дайра) – Атлантика океанындагы булуң, Түштүк Американын түштүк-чыгыш жээгинде. Парана жана Уругвай дарыясынын эстуарийи. Узундугу 320 км, жазылыгы 220 кмге чейин, тереңдиги 10–20 м. Суткасына 2 жолу ташкындайт (бийиктиги 1 мге чейин). Ири шаарлары жана порттору: Буэнос-Айрес (Аргентина) жана Монтевидео (Уругвай).

Ла-Плата булуңу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7