«Лейлектик кызга» - Ырдын сөзү обону ырчы Гулжигит Сатыбековго таандык.Ырда Лейлектик кыз тууралуу баяндалат.2012 жылы ыр жарыкка чыгып , ошол эле жылы Исфана айылында клип тартылат.

Лейлектик кызга
Аткаруучу

Гулжигит Сатыбеков

Альбом

Лейлектик кызга

Чыккан жылы

2012 жыл

Жанры

Эстрада

Ырдын тили

Кыргызча

Узактыгы

04:37

Автору

Гулжигит Сатыбеков

Альбомдун трек-барагы «Лейлектик кызга»

Тарыхы түзөтүү

Ыры түзөтүү

Исфана, Исфана,
Араладым, издегеним сен гана,
Кара көзүм, жолугамбы мен сага?
Жолугуп, жолугуп,
Жалгыз эмес, жеңең келди кошулуп,
А сен болсо сүйлөбөйсүң созулуп.

Кайырма:
Не кыласың Лейлекте?
Алып кетем Бишкекке!
Жүгөрүнү “мака” дейт,
Байке дебей “ава” дейт.
Сөздөрүңө байланам да, карындашым, вай-ваай.
Сиз да мага жагас дейт,
Окуйсузбу намаз дейт.
Ананайын, ананайын, ананайын, ай-ай-ай.

Кой, жеңе! Кой, жеңе,
Кудалаштык, жакында сен той дебе,
Кайын сиңдиң шаштырбачы, бол дебе.
Буулугуп, буулугуп,
Коштошо албай колуң турду сунулуп,
Көз жашыңды көрсөтпөдүң бурулуп.

Кайырма:
Ыйманыңа береке,
Алып кетем Бишкекке!
Жүгөрүнү “мака” дейт,
Байке дебей “ава” дейт.
Сөздөрүңө байланам да, карындашым, вай-ваай.
Сиз да мага жагас дейт,
Окуйсузбу намаз дейт.
Ананайын, ананайын, ананайын, ай-ай-ай.

Клиби түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү