Леллингит (Австриядагы Лёллинг шаарынын атынан) — арсениддер классындагы минерал.

Леллингит.

Хим. формуласы FeAS2. Составында Fe — 27,18%, As— 72,82%, кошумча түрдө S, Sb, Co, Ni кезигет. Ромб системасында кристаллданат. Өңү агыш, боз. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 5—5,5. Салышт. салм. 7,4. Электр тогун жакшы өткөрөт. Гидротерм жанa контакт-метасо­матоз кендеринде кезигет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.