Лигатура (лат. ligatura — байланыш) —

1) эки тамгадан жалгаштырылган бир тамга же белги; мис., даниялык, исландиялык, норвегиялык алиппедеги х.

2) Жазууда эки жана андан коп тамга менен жазылуучу бир тыбыштын жазылышы: мис., поляк алиппесинде sz, cz.

3) Полиграфияда — бир же бир нече жазуу белгинин бир белги турүндө кошулуп, сүрөттөлүп жасалышы. Ал славян алиппесинде, чет элдик ариптерде кезигет, мис.,JE—бул А менен Е нин биригип жазылышы. Басмаканалык терүүдө —бир литерага куюп жасалган кош тамга.

4) Металлургияда — металлга белгилүү бир касиетти берүү үчүн легирлөечү элементтердин суюк ме­таллга кошула турган жардамчы куймасы. Керектүү касиетке (мис., катуу) келтирүү үчүн асыл металлдарга кошула турган металл да Лигатура деп аталат.

Лигатура катары жез, сымап колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.