Полиграфия (поли... жана ...графия) – техниканын тексттүү материалдарды жана сүрөттөрдү көбөйтүү тармагы; аларды дааналап көбөйтүү каражаттарынын жыйындысы; Полиграфия – басма продукцияларын (китеп, гезит, журнал, плакат, географиялык карта ж. б.) даярдап чыгара турган өнөр-жай тармагы. Полиграфия өнөр-жайы – басма ишинин материалдык-техникалык базасы, Полиграфия өнүгүүнүн өтө узак жана татаал жолун басып өтүү. Китеп басуу башталган 1440-жылдан бери Полиграфия улам өркүндөтүлүп келүүдө. 20-кылымдын ортосунан баштап Полиграфиянын өркүндөтүлүшү басуу формаларын даярдоонун электрондук ыкмасын колдонуу, офсеттик басууну кеңири жүргүзүү, автоматтык линияны түзүү жана бүткүл өндүрүштү комплекстүү автоматташтыруу жана механикалаштыруу багытында жүргүзүлдү. Полиграфиянын технологиясы негизги 3 топтон: форма (калып) даярдоо, басуу жана мукабалоо процесстеринен турат. Форма даярдоо процессине тексттин жана сүрөттөрдүн басуу формаларын даярдоо кирет; компьютерде текст терилип, ал иллюстрациясы менен калыпка салынып, автоматташтырылган линияда аткарылат. Басуу процессинин милдети - оригиналдын көп сандагы басылган көчүрмөлөрүнүн (оттисктерин) алуу. Бул үчүн ар түрдүү басуу машиналары колдонулат. Мукабалоо процессинде басма продукциясы толук даярдалып чыгарылат. Бул процессте китепти ж. б. кураштыруучу, тигүүчү машиналар колдонулат. Полиграфиялык ишкана өндүрүшүнүн мүнөзүнө жараша басмакана, түстүү басуу фабрикасы, офсет фабрикасы ж. б. болуп айырмаланат. Басмаканалык бир нече процессти же басуу түрлөрүн бирге аткара турган ишкана Полиграфия комбинаты деп аталат. Даярдап чыгара турган басма продукциясынын түрүнө жараша Полиграфиялык ишкана универсал же адистештирилген (гезиттик, гезит-журналдык, китеп чыгаргыч, картография ж. б.) болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү