Ликвидация кендери
Ликвидация кендери — металлдардын күкүрттүү бирпикмелери бар негиздүү магманын суушунан жанa кристаллданышышан пайда болгон кед катмарлары.
Сууп бара жаткан эритинди бири бирине аралашпаган эки суюктукка (силикаттык жанa сульфиддик) бөлүнөт. Силикат бөлүгү катканда габбро-перидотит составындагы магма тоо тектери, сульфиддик эринди кристаллданганда сульфид рудалары келип чыгат. Буга сульфиддик жез-ниель Ликвидация кендери өтө мүнөздүү. Мьндай кендердин рудаларын негизинен пирротин, пентландит жана халькопирит, азыраак өлчөмдө магнетит, кобальт минералдары жана платиноиддер түзөт. Сульфиддик жез-никель Ликвидация кендеринин өтө ирилери кездешет (СССР, Канада ж. б.). Алардан жез, никель, кобальт жана платиноиддер алынат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.