Халькопирит, жез колчеданы - сульфиддер классындагы минерал, CuFeS. Кошундулары: Se, Zn, Tl, Ag, Au ж. б.

Халькопирит.

Тетрагон системасында кристаллдашат. Өңү сары, киргил сары; металл сымал жылтырайт. Бүртүкчөлүү масса, чанда кристалл же бөйрөк сымал агрегат түрүндө. Катуулугу 3-4; с. салм. 4,1-4,3; морточо Азот кислотасында эрип, жашыл түскө өтөт. Жездин кеңири таралган минералы. Магма жана гидротерм кендеринде пирит, пирротин, сфалерит, галенит ж. б. минералдар менен бирге кезигет. Халькопириттин үбөлөнүшүнөн лимонит, 2жолу пайда болгон сульфиддер жана сульфаттар, жез, темир кенташтары пайда болот. Халькопирит жездин негизги кенташы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4