Литий органикалык бирикмелер

Литий органикалык бирикмелер - көмүртектин атому менен литий түздөн түз байланышкан бирикмелер.

  • Алифаттык Литий органикалык бирикмелер— углеводороддордо, эфирлерде жакшы эрүүчү (CH3Li ден башкасы) заттар.
  • Ароматтык би­рикмелер — углеводороддордо эрибей, эфирлерде эрүүчү ак же саргыч түстөгү кристаллдар.
  • Литий органикалык бирикмелер литийдин хлордуу же бромдуу алкил менен өз ара аракеттенүүсүнөн алынат: RX+ +2Li—>-RLi+LiX.
  • Литий органикалык бирикмелер магнии органикалык бирикмелер кирген реакцияга кирет; кычкылтек, ным, кемур кычкыл газдын таасирине өтө сезгич келгендиктен аны менен инерттуу газ чөйрөдө иштелет. Ал орг. синтезде, өнөр жайда бутадиен жанa изопрен каучуктарын алууда колдонулат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.