Лобби (англ. lobby – кулуарлар, жыйын залынын жанындагы өзүнчө бөлмө) – мамлекеттик органдардын (мыйзам, аткаруу, сот бийлигинин) экономиканын, региондордун, ишканалардын, социалдык топтордун айрым бөлүктөрүнө объективдүү муктаждык эмес, тийиштүү кызыкчылыктар аркылуу жардам иретиндеги иш-чаралары. Лоббистер бийликтин өкүлдөрү катары өзүнүн карамагындагыларга киреше алып келген өзгөчө мамлекеттик заказдарды, лицензияларды, кредиттерди жана башка ыңгайлуу экономикалык шарттарды тартуулайт. Лобби агрардык, өндүрүштүк, аскердик жана финансылык болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7