Локарно келишимдери (1925) – Германиянын батыш чек араларына кепилдик берүү жана эл аралык арбитраж маселесин чечүү үчүн түзүлгөн келишимдер. 1925-ж. 16-октябрдагы Локарно конференциясында (1925) макулдашылып, 1-декабрда Лондондо кол коюлган. Локарно келишимдери негизинен Рейн пактысы – Германия, Бельгия, Франция, Италия жана Улуу Британия ортосундагы жалпы кепилдикти сактоо болгон. Бул пактыга жамынган Улуу Британия жана Франция Германиянын катышуусу менен антисоветтик блок түзүүгө ниеттенген. Бирок Германиянын чыгыш чек аралары Локарнодо иштелип чыккан кепилдикке кирген эмес. Пактыда Германиянын, Франциянын жана Бельгиянын бири бирине кол салбай, талаш маселе болсо тынч жол менен жөнгө салуу, ошондой эле Версаль тынчтык келишими (1919) белгилеген Германия менен Франциянын жана Германия менен Бельгиянын чек араларынын бузулбастыгы көрсөтүлгөн. Германия Улуттар Лигасына мүчө болуп (1926, сентябрь), улуу держава катары анын кеңешинен туруктуу орун алгандан кийин келишим күчүнө кирген. Германиянын Франция, Бельгия, Польша, Чехословакия менен өз өзүнчө түзгөн арбитраж жөнүндөгү келишимдери Рейн пактысын толуктаган. Мындан сырткары Франция менен Польша жана Франция менен Чехословакиянын ортосунда кепилдүү келишимдер түзүлгөн, ал боюнча бул 2 мамлекетке башка мамлекет кол салса, анда аларга Франциянын жардам берүүсү каралган. Локарно келишимдеринин кабыл алынышы Франциянын абалы начар экендигин көрсөткөн, ошондуктан фашисттик Германия Локарно келишимдерин орой бузуп, 1936-ж. 7-мартта демилитарлаштырылган Рейн зонасына өз аскерин киргизген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7