Локация – объект пайда кылган үн талаасы же андан чагылган үн аркылуу атайын түзүлүштүн жардамы менен объект жайгашкан багытты жана аралыкты аныктоо. Локация үчүн үзгүлтүксүз же импульстуу үн берүүчү булактар пайдаланылат. Көбүнчө локация абада, жерде жана сууда жакшы таралуучу инфра, ультраүндөр аркылуу ишке ашырылат. Мисалы, ультраүндүн сууда жакшы таралышын пайдаланып, гидролокаторлор, суу кармагычтар (пеленгаторлор), эхолоттор жасалган. Ультраүндүн мындай өтүмдүүлүк касиеттери металл тетиктеринин сапаттарын аныктоодо, медициналык диагностикада да пайдаланылат. Айрым жан-жаныбарлар үчүн ультраүндөр жашоонун негизги куралы болуп эсептелет. Жарганат, дельфин, кит сыяктуу жандыктар ультраүндөрдү чыгаруу жана кабыл алуу менен жашоо тиричилигин өткөрүшөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Физика: Энциклопедиялык окуу куралы,Башкы редактору Ү.Асанов Жооптуу редактору Жээнбаев Ж, ISBN 9967-14-010-0,