Лоптопоним. Кыргыздын нойгут уруусу жердеген жер катары эпостун көп эпизоддорунда эскерилет. Географиялык реалияда Синьцзяндагы Лобнор көлүнүн тегерегиндеги жерлер. Лобнор деп моңголчо аталышынан айырмалап, Кашкардын түрк тилиндеги жергиликтүү эли бул көлдү «Лоп» деп аташкан. Эпосто ушул аты сакталып калган. Бул жерлерди 16—18-кылымдарда нойгут уруусу да мекен кылганы тарыхта белгилүү. Ал эми Лобнор көлүнүн боюнда жашаган лобнор элинин тили кыргыз тилине эң жакын экендигин С. Е. Малов белгилеп кеткен.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4