Лосось сымалдар (лат. Salmoniformes) – кылкандуу балыктар түркүмү. Бор мезгилинен белгилүү. Дене узундугу 2,5 смден 1,5 мге жетет. Өзөк скелети, баш сөөгү сөөккө толук айланган эмес. Үстүнкү жаагы жаак алдындагы жана үстүнкү жаак сөөктөрүнөн турат. Сүзгүчтөрүндө тикени жок. Курсак сүзгүчү 7–15 тарамдуу, жон сүзгүчү бирөө, анын артында көбүнүн май сүзгүчү бар. Түрпүсү циклоиддүү (тегерегирээк). Каптал сызыктары жакшы өөрчүгөн. 27 тукуму (лосостор, май канаттар, чортон балыктар, жылма баш балыктар жана башка) белгилүү. Алар тузсуз сууда, деңиз жээгине жакын, тереңде жашоочу жана өтмө балыктар. Түндүк жана Түштүк жарым шардын муздак, мелүүн жана тропик сууларында кездешет. Промыселдик мааниси чоң.

Salmo marmoratus (Лосостор).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Калып:Bio-stub