«Лүси» (англ. Lucy, орус. Люси) — 2014-жылы чыккан, англис тилдүү франциялык илимий-фантастикалык тасма. Режиссеру жана сценаристи Лүк Бессон. Продюсери Лүктүн аялы - Виржиния Бессон-Силла. Тасма Тайбэй, Париж жана Нү-Йорк шаарларында тартылган. Тартылгандар: Скарлет Йоханссон, Морган Фримен, Чхве Мин Сик жана Амр Вакед. Йоханссон, денесине ноотроптук наркотик кирип кеткенден кийин психокинетикалык жөндөмү пайда болгон аялдын ролун ойногон.

Лүси (тасма)
Режиссеру Лүк Бессон
Продюсер Виржиния Бессон-Силла
Жазуучу Лүк Бессон
Оператору Терри Арбогаст
Тартылгандар
Музыкасы Эрик Серра
Редактору Жүлен Рей
Студия
Жайылтуучу

Чыккан жылы
  • июль 25, 2014 (2014-07-25) (АКШ)[1]
  • август 6, 2014 (2014-08-06) (Франция)[2]
Узактыгы 90 мүн.[3]
Өлкөсү
Тили
Бюджети $40 млн[5]
Киреше $463.4 млн[5]

Тасма 2014-жылдын 25-июлунда жарыкка чыккан. $40 млн бюджети менен $463 млн киреше тапкан (11 эсе көп). Тасма жалпысынан жакшы кабыл алынган. Бирок, сын пикирлер дагы болгон: жакшы пикирлер Йоханссондун ролуна, тасманын эффекттерине, кызыктуу же табышмактуу темалары менен визуалдаштыруусуна айтылса, кээ бир сынчылар сюжеттин маңызы жоктугун, тагыраак айтканда мээнин 10% мифине жана Лүсинин акырында ээ болгон жөндөмдөрү тууралуу терс пикир айтышкан.

Мазмуну түзөтүү

Режиссер Лүк Бессон «Лүси» тасмасы аркылуу жер жүзүнө жаӊы доор келери тууралуу айткысы келген. Мунун баарын режиссер тасманын негизги каарманы Лүси менен болгон түрдүү окуялар аркылуу көрүүчүлөргө жеткизүүнү туура көргөн. Лүси – жаӊы гана Тайванга окуйм деп келген студент кыз. Ричард аттуу жигит менен мамиле куруп жүрөт. Мурунтан мыйзамсыз иштерди жасап жүргөн Ричард сүйүктүүсүнө кейстеги белгисиз нерсени айткан жерине жеткизип акча тапса болот деп жумуш сунуштайт. Албетте, ишенчээк студент кыз кейсте баӊгизаты бар экенинен кабардар эмес. Ошентип Лүси корей мафиясынын башында турган Чан мырзанын торуна түшөт. Аталган корей мафиясынын колуна түшкөн ар бир кишинин курсагына маӊзаты салынып тигилип, башка өлкөлөрдүн чек арасынан өткөрүүдө колдонулчу. Бул ирет Лүсиден башка дагы 3 кишинин карынына баӊгизат салышып, чек арадан алып өтүшмөк. Лүси мафиянын мүчөлөрүнөн токмок жеп, ичиндеги маӊзат салынган баштык жарылып, баӊгизат кыздын денесине тарай баштайт. Мына ошондо каармандын акылына акыл кошулуп, өзгөчө күчкө ээ болуп чыга келет. Мафиянын мүчөлөрүн жер менен жексен кылган кыз качып жөнөйт.

Фильмдин жүрүшүндө профессор Норман студенттерине адамзатынын интеллектине жана акыл жөндөмдүүлүгүнө жооп берген мээсинин 10 пайызы гана иштээрин, ал эми жаныбарлардыкы 5 пайызы гана иштеп, адамдар алардан акылдуу болору тууралуу лекция окуп жатканы көрсөтүлөт. Ал менен катар студент кыздын башынан өткөн окуялар да улана берет. Кызыгы, Лүсинин организмине тарап кеткен баӊгизаты анын мээсинин иштөө жөндөмдүүлүгүн жакшыртып, анын иштөө коэффициенти бийиктеп жатканы сүрөттөлөт. Лүси адамдардын оюн окуп, аларды толук көзөмөлдөө күчүнө, каалаган мезгилине, доорго баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ошол жөндөмүнүн жардамы менен мистер Чандын башындагы маалыматтарды окуп, өзү менен бирге мажбурланып иштеген дагы 3 курьердин даректерин алат. Париж, Рим, Берлинде жүргөн курьерлерди Франциянын полиция кызматкерлери менен бирге кармап, миӊдеген адамдарды көз каранды кылган баӊгизатын жок кылат. Аягында адамдардын азырынча акылы жетпей, теория түрүндө гана айтылып жүргөн адам мээсинин 100 пайыз иштеген көрсөткүчүнө Лүси жетет. Фильм соӊунда Лүси жок болуп, анын мээсиндеги 100 пайыздык акылы эс тутум картасында (флешка) сакталып калат.

Лүк Бессон тасма тууралуу түзөтүү

  • - Тартуу иштерине даярданып жатып илимпоздордон адамда миллиарддаган молекулалар бири-бири менен байланышып, ар бир молекула секундасына миӊдеген белгилерди берерин билдим. Чынында фантастика менен реалдуулуктун ортосундагы жыйынтыкты чыгарууга бир нече жылдар керектелди.
  • - Аталган тасманы тартуу идеясы кесиби нейропсихолог, бирок актриса болгусу келген айым менен сүйлөшкөндөн кийин келген. Сценарийди жазууга 9 жылдай убакыт кетти. Аны жазып жатканда адамдын мээсиндеги нейрондор тууралуу түк түшүнүгүм жок эле. Бара-бара кызыгуум артып, сценарийди бүткөндөн кийин эртерээк эле тасманы тарткым келди.
  • - Адам мээсинин иштөө мүмкүнчүлүгүн 20 пайызга жеткирген соӊ андан кийинки баскычтарды ишке ашыруу оӊой эле.
  • - Башкы ролго Анжелина Жоли каралып жаткан деген жалган кеп. Скарлетти тандаганыбыздын себеби – ал өзү сценарийди окугандан кийин жабышты да калды. Мага ушундай кызыгуусу күч актриса керек эле.
  • - Скарлетт роль тууралуу күнүнө 500дөй суроо берчү. Анын кыймыл-аракети, сүйлөгөнү дайыма өзгөрүп турушу керек эле. Себеби акыл коэффициентинин кайсы бир тепкичин багындырган сайын ал адамга окшошпой баштамак. Ошондуктан экөөбүз Скарлетт дегенди азайтып, көбүрөөк Лүсинин образынын үстүндө иштеп жаттык. Бул ролго чыныгы жылдыз эмес, чыныгы актриса керек болчу.

Кызыктуу фактылар түзөтүү

  • Фильмге массовкадагы актёрлорду кошпогондо баш-аягы 50гө жакын актёр тартылган.
  • Кинону тарткан «CEO EuropaCorp» кинокомпаниясынын билдирүүсү боюнча, бул фильм аталган кинокомпания тарткан эӊ кирешелүү тасма болгон.
  • Режиссер Лүк Бессондун айтымында, папараццичилердин айынан фильмди кечинде тартуу иштери бир топ тоскоолдуктарга учураган.
  • «Time» журналынын тандоосу боюнча, «Лүси» тасмасы 2014-жылдагы эӊ мыкты 10 тасманын катарын толуктаган.

Сын-пикирлер түзөтүү

Тасма оӊ да, терс да сындарга бай. Көпчүлүк киносынчылар "тасма мааниси жок, ошол эле учурда кызыктуу" деген жыйынтыкка келишкен. Анан да тасманын сюжетиндеги адамдын мээси 10 пайыз гана иштейт деген маалымат бул жомок деп айтышкандар көп.

Шилтемелер түзөтүү

  1. Kroll, Justin. Universal Moves Up Scarlett Johansson's 'Lucy' to July 25, Variety (23 May 2014). Архивировано из первоисточника 26 -декабрь (бештин айы) 2018. Текшерилген күнү 4 -июнь (кулжа) 2014.
  2. Lee, Hsin-Yin French director's new movie helps promote Taipei. Focus Taiwan. Central News Agency (4 April 2014). Текшерилген күнү 5 Апрель 2014. Түп булактан архивделген күнү 26 -декабрь (бештин айы) 2018.
  3. LUCY (15). Universal Studios. British Board of Film Classification (12 August 2014). Текшерилген күнү 13 -август (баш оона) 2014.
  4. Lucy (2014). Baseline. Текшерилген күнү 27 -август (баш оона) 2015. Түп булактан архивделген күнү 17 -июнь (кулжа) 2014.
  5. 5.0 5.1 Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named BOM