Маанаев, Эгемберди Жумагулович

Маанаев Эгемберди Жумагулович (1933-ж. т., Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Даркан айылы) - тарых илиминин доктору (1975), профессор (1977).
Кыргыз Республикасынын элге билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери (1994).

Маанаев Эгемберди Жумагулович


Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Эгемберди Маанаев 1933-жылы Ысык-Көл облусунун Даркан айылында туулган.

1952-ж.Караколдогу мугалимдер институтун, 1959-ж.КМУнун тарых факультетин бүткөн.
1952-54-ж. ЛКЖСтин Тянь-Шань обкомунун лектор бөлүмүнүн башчысы. 1964-жылдан Кыргызстан ИАда кенже илимий кызматкер.

1967-ж. Кыргызстан КП БКнын пропаганда жана агитация бөлүмүндө лектор.

1967-жылдан Кыргызстан КП БКга караштуу Партия тарыхы институтунда улук илимий кызматкер.

1981-92-ж. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык Институтунда проректор, 1992-жылдан политология жана кыргыз тарыхы кафедрасынын башчысы.

Эмгектери негизинен кыргыздын революцияга чейинки тарыхына, кыргыз интеллигенциясынын коомдогу ролуна жана башка арналган. 150дөн ашуун илимий эмгектин (анын ичинде 10 монография) автору.

Шакирттери түзөтүү

Э.Маанаев бир катар кыргыз илимпоздоруна илимий жетекчилик кылган.

Алардын арасында Бектемир Жумабаев, Олжобай Каратаев, Азиза Турдуева, Гүлнара Курумбаева, ж.б. бар.

Эмгектеринин тизмеси түзөтүү






Редакторлук кылган эмгектер түзөтүү

  • Турдуева А.С. Кытайдагы кыргыздардын социалдык абалы (1950– 1990-жж.). / Ред. Эгемберди Маанаев.– Бишкек, 2001. - 173 бет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү





  • Кыргыз тарыхы: энциклопедия. 2003-ж.
  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)


  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 с.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү