МабаанСудандын түштүгүндө (Көк Нил жана Жогорку Нил аймагында) жашаган нилот эли. Түндүк луо элдердин тобуна кирет.
Жалпы саны 100 миң адам.
Антропология жактан нилот тибине кирет.
Мабаан тилинде сүйлөшөт. Мабаан тили Нил-сахара макробүлөсүнүн Кир-абба уясынын курамындагы нилот тобуна кирет.
Көпчүлүк жергиликтүү салттуу ишенимдерди карманышат (жаратылыш күчтөрүнө жана ата-бабаларга сыйынуу). Калгандары — мусулмандар.
Алар бири-бирине жакын конуштарда жашашат.
Негизги кесиби — малчылык.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • C. G. Seligman, Brenda Z. Seligman, Harold M. Macmichael. Pagan Tribes of the Nilotic Sudan. L.: 1932.
  • Берзина С. Я. Мабан // Народы и религии мира / Глав. ред. В. А. Тишков. М.: Большая Российская Энциклопедия, 1999.