Магниттүү тоо Туш. Уралдын чыгыш капталында, Россиянын Челябинск областынын аймагында.

Бийикт. 616 м. Too таш көмүр мезгилинин башталышында пайда болгон чокмо (акиташ теги, кумдук) жана эффузия тоо тек катмарлар тилкесинде жайгашкан; бул катмарларды гранит, диабаз ж. б. интрузия тоо тектери жиреп чыккан. Чокмо жана интрузия тоо тектеринин контактысында ири темир (магнетит) кени пайда болгон (Магниттуу тоо пе­ни). Совет бийлигинин мезгилинде Магниттүү тоого жакын, Урал дарыяснынын жээгине ири металлургиялык комбинат жана Маг­нитогорск шаары курулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.