Бул терминдин дагы башка түшүнүгү бар: Мадагаскар (түшүнүгү).

Аралдын үстүнөн көрүнүшү (сол) жана топографиялык картасы (оң).

Мадагаска́р (туземн. Nosin Dambo — камандар аралы) — Африканын чыгыш жээгиндеги Инди океанында жайгашкан, аянты боюнча дүйнө жүзүндө төртүнчү орунда турат. Климаты тропикалык, ал эми түштүгүн субтропикалык алкакка киргизишет.

Аралдын узундугу — болжол менен 1600 км, туурасы — 600 км жогору, жалпы аянты — 587 040 км². Аралда Мадагаскар мамлекети жайгашкан (борбору Антананариву).

Аралдын эң бийик чокусу болуп, өчкөн вулкан Марумукутру (2876 м) эсептелинет. Бийиктиги 2600 м болгон беш тоо чынжыры көптөгөн минералдарга жана темирлерге бай келет: алтын, жез, темир; жээкте жайгашкан жайык түздүктөр саздарга өтө бай. Мадагаскар Африкадан анча алыс эмес жайгашса да, анын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү абдан уникалдуу — дүйнөлүк жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн 5 % түзөт, анын ичинен 80 % Мадагаскарда гана кездешет. Алардын эң белгилүүлөрү болуп лемурлар эсептеленишет. Көпчүлүк түрлөр — эндемиктер. Ошондуктан Мадагаскарды «кичинекей континент» деп аташат.