Мажик, Манжыбек, Шакум — «Манас» эпосунундагы кырк чоронун бири. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча жер коруган калмактар Жакыпка кол салганда атасына болушкан бала Манас башчысы Кортукту укурук менен чаап өлтүрөт. Кортуктун кунун кууп келишкен калмактар Жакыптын жылкысын тийип алып, аны бөлүшө албай өз ара манжуулук, алтайлык болуп чабышып кетишет. Алтайлыктар үстөмдүк кыла баштаганда өлгөн Кортуктун баласы, манжуулук Шакум: «Өз кордугун көргөнчө, жат кордугун көрөйүн», — деп Жакыпка келип, жардам сурайт. Кыргыздар манжу калмагын алтай калмагынан ажыратып, өздөрүнө кошуп алат:

Казак, кыргыз, калмагы

Жыргап жатып калганы.

Манжудан келген журт үчүн

Атасы өлгөн баланы

Бий көтөрүп алганы,

Кара Токо Мажик деп

Кабары кийин калганы (Сагымбай Орозбаков, 1. 151).

Мындан кийинки эпизоддордо: «Каратоко Мажиги», «Манжуулуктан кошулган, бала Мажик эри бар», «Манжурия калмактан Манжуусуна бек койгон Мажик баатыр бар экен» делип, кырк чоронун катарында такай эскерилет. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Алмамбеттин бала күнүнөн кеңешчиси, жардамчысы. Түпкүлүгүндө мусулмандын уулу болгондуктан мусулман динин жашыруун кабыл алган Алмамбеттин энеси Алтынай менен пикирдеш болот. Алмамбет кытайдан качканда М. аны менен бирге келет. Кичи казаттагы салгылашта курман болорун билген Алмамбет аялы Аруукени «Өзүм менен бир келген Мажикке нике кыйып кой», — деп Манаска керээзин айтат. Бир катар варианттарда «Камбардан туулган Канчоро, Мажиктен туулган Күлчоро» делип, Күлчоро Алмамбеттин эмес, Мажиктин баласы катары көрсөтүлөт. ТМВда Алмамбеттин баласынын өз аты М. болуп, Күлчоро анын кийин коюлган ылакап аты болот. Ошол эле вариантта:

Мунаркандан, Чынаркан,

Чынаркандан Чылаба,

Чылабадан Солобо,

Солободон Соорондук,

Соорондуктан Манжыбек,

Алмамбеттин өз аты

Алмамбет эмес Манжыбек

Муну буруттар айтып жүргөндүр

Кытайдан келген Манжу деп (ТМ, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 54-б.),— деп сүрөттөлөт. Бул мотив Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы Кортуктун баласы Шакум Манаска манжу журтунан келип кошулуп М. атка конгонуна үндөшөт. Кыскасы, ар бир вариантта М-тин образы ар түрдүү талкууланып, бири-бирине кыйгач келет. Бирок, варианттарга мүнөздүү көрүнүш: М. — Алмамбет сыяктуу эле кытай-калмактардан кыргыз тарапка өтүп келген баатыр. Бир катар варианттарда М. Алмамбеттин жандоочусу, ал турсун айрым вариантта анын өзү (мисалы, ТМВдагыдай). Буга караганда 17-кылымдан тартып Борбор Азияда жана кытайда манжуулардын бийлиги күчөй баштаган мезгилде алардан чыккан кайсы бир тарыхый инсан М. жөнүндөгү аңыз кеп «Манас» эпосундагы Алмамбеттин мурдатан калыптанып келе жаткан образына таасир тийгизип, реалдуу тарыхка жакындаштырып талкуулоодо кандайдыр бир деңгээлде роль ойногон.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4