Мака (өз аталыштар: макаа, нзем, со, нгумбо, квелег, мбиму, мвали, пол, кака) — африкалык эл.
Жашаган өлкөлөр: Камерун (600 миң адам), Борбордук Африка Республикасы (130 миң), Габон (35 миң), Конго Республикасы (35 миң), Экватордук Гвинея (10 миң).
Жалпы саны 810 миң адам.

Мака

Мака аял талаада
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 810 миң адам
 Камерун — 600 миң
 БАР — 130 миң
 Габон — 35 миң
 Конго Республикасы — 35 миң
🇬🇶Экватордук Гвинея — 10 миң

Тили

мака (диалектилер менен)

Дини

Жергиликтүү салттуу ишенимдери

Расалык тиби

негроид

Кирет

бантулар

Тил

Эне тили — мака (диалектилер менен). Мака тили банту уясына кирет.

Дин

Көпчүлүк жергиликтүү салттуу ишенимдерди (ата-бабалардын рухтарына жана жаратылыш күчтөрүнө ишенүү) карманышат.
Аз сандагы католиктер да бар.

Чарбалык иштер

Мака эли кол менен иштетилген тропикалык жер чарбасы (ямс, таро, батат, жүгөрү, күрүч, маниок), жыйноочулук (жапайы майлуу пальма жемиштерин чогултуу), аңчылык, малчылык (майда мүйүздүү мал) менен мүнөздөлөт.

Кол өнөрчүлүк

Килем жана себет токуу, карапачылык, жыгачтан оюм жасоо (ата-бабалардын айкелдерин, ритуалдык маскалар, идиш-аяктар).

Кийим

Эркектер белдемчи, аялдар фартук кийишет.

Коом

Мака уруулук түзүлүштү сактап калган. Туугандык эсеп аталык. Нике вирилокалдык.

Маданият

Дыйканчылыкка, аңчылыкка, түрдүү ырым-жырымдарга байланыштуу ыр-бийлер кеңири таралган.

Тарых

Мака элинин ата-бабалары бир нече жүз жыл мурун борбордук Камерундун тоолорунан ички жерлерге көчүп келишкен.

Колдонулган адабият түзөтүү

Андрианов Б. В. Мака // Народы и религии мира / Глав. ред. В. А. Тишков. — М.: Большая Российская Энциклопедия, 1999.

Булактар түзөтүү