Экваториалдык Гвинея

(Экватордук Гвинея барагынан багытталды)

Экваториалдык Гвинея, Экватордук Гвинея Республикасы (República de Guinea Ecuatorial) - Экватордук Африкадагы мамлекет.

Экваториалдык Гвинея.
Flag of Equatorial Guinea.svg

Камерун жана Габон өлкөлөрү менен чектешет. Гвинея булуңунун жээги жана ага жанаша жаткан аралдарды ээлейт. Аянты 28,1 миң км2. Калкы 704,0 миң (2013). Борбору - Малабо ш. Биоко а-нда жайгашкан. Акча бирдиги - Африка (КФА) франкы. Адм.-айм. жактан 7 провинцияга бөлүнөт.

Экватордук гвинея - БУУнун (1968), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1970), ИНТЕРПОЛдун (1980) ж. б-дын мүчөсү. Мамлекеттик түзүлүшү. Экватордук гвинея - унитардык мамлекет. Конституциясы 1991-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы - Президенттик республика. Саясий режими - авторитардык-трайбалисттик. Мамлекет башчысы - президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - бир палаталуу парламент (Эл өкүлдөр палатасы). Аткаруу бийлигин премьер-миниетр башында турган өкмөт ишке ашырат. Экватордук гвинеяда көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары: Демокр. партия, Социалдык демократия үчүн бирдиктүү партия.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4