Макел дөө — бөлүмдүн сюжетиндеги өзүнчө бутак, окуялардын өнүгүшүнүн татаалданышындагы түйүндөрдүн бири.

Эртеси тогуз жолдун тоому Көтөлөктүн Сары-Белге барып тил кармап, кабар угуу үчүн Чубакты ээрчитип аттанган Алмамбет айткан жерине жетип, атын Чубакка таштап, өзү жөө белге чыгып, боюн жашырып кырдан караса жол байланып, адам каттабай калыптыр. Жоо туюнуп калганын Алмамбет түшүндү.

Аккулжа менен Куу өрдөктөн кабар алган Эсенкан акылчылары менен улуктарын жыйып, Манас Бээжинге көп кол алып келатыптыр, эмне кылабыз деп кеңешип, Маңгүбаны жердеген сазаншаң элинин улугу жанда жок чоң дөө Макелди чакыртат. Жалгыз көздүү Макел дөө Коңурбайды баш кылып кытай чоңдорун бүт коркутуп, чантууну жалгыз эле кыйратам деп жөнөп, Алмамбет жаткан белди бет алат. Жолун тосуп калган таш сеңирди колундагы күрсүсү менен талкалап өтүп, Алмамбет менен Чубакка жакындап калат. Белестен жол карап жаткан Алмамбет каршы алдынан бир тоо жылып келе жатканын көрүп, кытайлардын жыла турган тоосу бар беле деп таң калып, дүрбү салып караса жалгыз көздүү дөө экен. Алмамбет келе жаткан тоо Макел экенин билип, антаңдап шашып Чубакка жетип дөөнүн кабарын айтып, алыбыз жетпейт, бөөдө өлүм болбой Манаска барып айталы дейт. Чубактын өлсөк да качпай кармашып өлөлү дегенине ыраазы болгон Алмамбет Макел дөө менен кармашууга бел байлайт. Белге чыгып, дөөнү мээлеп жалгыз көзгө атып сокур кылып, экөөлөп эптеп өлтүрүп, башын кесип, дөөнүн минген керигинин бир жагына таш теңдеп бир жагына дөөнүн башын артып алып, Манас менен Сыргакка барышты. Өлчөөсүз чоң башты көргөн Сыргактын чындап эси чыгып, кытайдын баары ушундай болсо кантебиз деп шаштысы кетти. Алмамбет ага Макелдин жөнүн айтып, дүйнөдө ушул гана адам экенин түшүндүрүп, көңүлүн тындырды.

Эпизод Радлов жазып алган вариантта жок, Саякбай Каралаевдин вариантында да айтылбайт. Башка манасчылардан Шапак Рысмендеевдин вариантында, Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында,Багыш Сазановдун вариантында, ТМВда негизинен Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын айтылат. Саякбай Каралаевдин вариантында Манас менен Чубакты Тал-Чокуда калтырып, андан нары жөнөгөн Алмамбет менен Сыргак кароолчу түлкүнү, кулжаны өлтүрүп, кырк кечил менен Малгун дөөнү жайлайт. Аял дөө Канышайдын ордосуна суу көтөргүч болуп кубулуп барган Алмамбет уу берип аскерлерин бүт кырып, качып жөнөгөн Канышайды да өлтүрүшөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4