Мамлекеттик башкаруу
Мамлекеттик башкаруу – мамлекеттин милдеттерин жана функцияларын ишке ашырууга багытталган мамлекеттик ишмердүүлүктүн формаларынын бири, мамлекеттик органдардын аткаруу ишмердүүлүгүндө чагылдырылат. Саясий гана эмес, чарбалык жетекчиликти да алып жүрөт. Мамлекет башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн мазмуну мамлекеттин башкы милдеттери жана негизги функциялары менен аныкталат. Мамлекет башкаруу мамлекеттик органдардын аткаруучу жана буйрук берүүчү ишмердүүлүктөрүнөн куралат. Мамлекет башчысы органдары жогорулаган сайын, буйрук берүү укуктары кеңейет. Мамлекет башкаруу органдары актыларды, б. а. милдеттүү түрдө аткарыла турган иш кагаздарын жазып чыгышат. Актыларга чечимдер, токтомдор, буйруктар, жоболор жана көрсөтмөлөр кирет. Өзүлөрүнүн ишмердүүлүгүндө
- Мамлекет башкаруу органдары башкарылгандардын жүрүм-турумуна жана ишмердүүлүгүнө таасир кыла турган, негизинен ынандыруу жана мажбурлоо сыяктуу түрдүү ыкмаларды колдонушат. Мамлекет башкаруу органдары мамлекеттик бийликтин органдарынын алдында жооп жана отчёт беришет.
- Мамлекеттик бийликтин системасы же парламент же президент башчылык кылат. Демократтык өлкөлөрдө мамлекеттик бийликтин жана башкаруунун органдары мыйзамдын негизинде, аны аткаруу үчүн иш аракет жасашат. Алардын ишмердүүлүгү мыйзамга ылайык.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9