Мамлекеттин (коалициянын) аскердик күчтөрү

Мамлекеттин (коалициянын) аскердик күчтөрү - саясаттын каражаты; аскердик кубаттуулуктун белгилүү бир бөлүгү болуп саналат, башка мамлекеттерге же эл аралык мамилелер тутумуна бул кубаттуулуктун тигил же бул максаттарда реалдуу таасир этүүсүнүн деңгээли менен интенсивдүүлүгүн камтыйт.

Мамлекеттин аскердик күчтөрүнүн негизги түзүмдүк элементи болуп анын куралдуу күчтөрү эсептелет. Алар эл аралык аренада аскердик-саясий максаттарга жетишүүнүн жана өлкөнүн ичинде өз кызыкчылыктарын камсыздоонун каражаты катары түзүлөт жана жашайт. Ядролук кылым сандык жана сапаттык жактан ракеталык-ядролук курал менен шартталат, Мамлекеттин аскердик күчтөрү белгилүү бир экономикалык шарттарда калыптанат жана өнүгөт, аларга көз каранды. Азыркы мезгилде Мамлекеттин аскердик күчтөрүнүн чоңдугу, анын мүнөзү жана багыты чечүүчү деңгээлде аскердик-өнөр-жайлык комплекс, анын мүмкүнчүлүктөрү менен шартталган.

Мамлекеттин аскердик күчтөрдүн башка тармактык элементтери болуп илимий-техникалык ой, анын аскердик милдеттерди чечүүгө тартылуу деңгээли, ошондой эле аскердик теория, анын өнүгүү деңгээли эсептелет. Мамлекеттин аскердик күчтөрү элдин моралдык рухуна дагы, куралдуу күчтөрдүн өздүк тутумуна, өлкөнүн коомдук пикирине дагы көз каранды. Мамлекеттин аскердик күчтөрү колдонуу анын сандык жана сапаттык параметрлери, ошондой эле аларды колдонуунун ыкмалары менен шартталат. Ыкмалар болсо акыры келип мамлекеттин саясий максаттары, эл аралык аренадагы араздашуунун курчтугу жана тарыхый доордун мүнөзү менен шартталат.

Мамлекеттин аскердик күчтөрдүн иш жүргүзүүсүнүн негизги формалары болуп: тикеден-тике материалдык, физикалык таасир этүү жана жабык түрдө опузалоо иретинде колдонула турган аскердик зомбулук (эң акыркы форма катары) эсептелет. Мамлекеттин аскердик күчтөрдүн бир нече негизги функцияларын бөлүп көрсөтүүгө болот. Салттуу функция - согушта жеңишке жетишүүнүн каражаты катары - көптөгөн кылымдар бою өкүм сүргөн. Бирок куралдардын кыйраткыч кубаттуулугунун жогорулашы менен бул функция эл аралык мамилелер ж.б. чөйрөлөрдөн, эң башкысы, зомбулуксуз жолдор менен сүрүлүп чыгарыла баштады. Бир катар мамлекеттерде массалык кыйратуучу куралдардын көп санда болушу согушту цивилизация жана дегеле жердеги жашоонун өзү үчүн коркунучтуу кылды.

Ошондуктан согуштун саясий проблемаларды реалдуу чечүүгө, ал эми Мамлекеттин аскердик күчтөрдүн жеңишке жетишүүнү аткарууга жөндөмдүүлүгү жөнүндө маселе жаралат. Мамлекеттин аскердик күчтөрдүн башкы функциясы анын жардамы менен мамлекеттер үчүн пайдалуу ар түрдүү - эки жактуу, аймактык, глобалдуу деңгээлдеги позицияларды түзүүдө турат. Күчтөрдүн өзү үчүн пайдалуу катыштарын түзүү аскердик жеке кубатты өстүрүү менен гана эмес, анын башка мамлекеттердин аскердик кубаттуулугу менен биригиши (аскердик саясий союздарды, блокторду түзүү) менен дагы жетишилет. Дагы бир функциясы - башка өлкөлөргө (бир же бир нече), эл аралык мамилелер тутумуна басым жасоо. Бул учурда Мамлекеттин аскердик күчтөрү менен саясаттын байланышы ачык байкалат, анткени бул баарыдан мурда саясий басымдан көрүнөт. Көп учурда басымдын формасы куралдуу кагылышууларга, согушка өсүп жетет.

Мамлекеттин аскердик күчтөрүнүн ар түрдүү мүнөздөгү - улуттук-боштондук, революциялык, улуттук ж.б. кыймылдарга, ар кайсы мамлекеттер менен аймактарда саясий жана экономикалык туруксуз шарттарды түзүүгө саясий басым кылуунун каражаты катары функциясын даты айтууга болот. Мамлекеттин аскердик күчтөрдү ушул максаттарда колдонуу акыркы он жылдыктарда кеңири жайылды. «Кансыз согуштун» аякталуу, мамлекеттердин ортосунда конфронтациянын эмес, өнөктөштүктүн негизинде жаңы мамилелердин калыптаныш шарттарында согушту тыюу жолу менен болтурбоо сыяктуу Мамлекеттин аскердик күчтөрү даты жарала баштады. Мамилелердин ичинен күчтөрдүн саясатын четке кагуу эл аралык жана улуттук коопсуздукка кызмат кылмак, ал кызыкчылыктардын балансына орун берүүгө тийиш.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8