МАМЫТОВ АБАКИР, педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти

Мамытов, Абакир Мамытович
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Мамытов, Абакир Мамытович
Туулган жылы: 1954-жылы 18-июнь
Туулган жери: Кара-Кочкор айылы, Кара-Кулжа району, Ош облусу
Өлкө: Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: педагог-окумуштуу
Багыты: Физкультура, дене тарбия теориясы жана методикасы, жогорку окуу жайындагы педагогика

Өмүр жолу түзөтүү


Мамытов Абакир 1954-жылы 18-июнда Ош областына караштуу Совет районунун Кара-Кочкор айылында туулган. Орто билимди аталган айылдагы Фрунзе атындагы № 19 мектептен (1970-ж), жогорку билимди Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик физкультура институтунда (1971-1976-жж), Москвадагы Бүткүл союздук физкультура илим изилдөө институтунун аспирантурасында (1976-1979-жж) окуп алган. Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн (1979-1981-жж).
Педагогика илимдеринин кандидаты илимий даражаны изденип алуу үчүн жазылган диссертациясын Москва шаарында (1982-ж), докторлук диссертациясын Алматы шаарында (1998-ж) коргогон. 1986-жылы доцент, 1993-жылы профессор илимий наамы ыйгарылган.

Эмгек жолу түзөтүү


Эмгек жолун колхозда слесарь-механик болуп баштаган. Адистик жогорку билим алгандан кийин педагогикалык кызматка киришкен.
1979-жылы Кыргыз мамлекеттик физкультура институтунда дене тарбия теориясы жана методикасы кафедрасында мугалим, доцент, профессор болуп эмгектенип, декандын орун басары (1984-1988-жж), окуу иштери боюнча институттун биринчи проректору (1988-1992-жж), кийинчерээк институттун ректору кызматына дайындалып, эки мөөнөткө шайланып (1992-2005-жж) иштеген. Чүй университетинде ректор (2005-2007-жж) кызматтарын аркалаган.
2007-жылдын ноябрь айынан баштап Кыргыз билим берүү академисынын президенти болуп иштейт.

Адистик ишмердиги түзөтүү


Дене тарбия теориясы жана методикасы, жогорку окуу жайындагы педагогика боюнча адис. Орус жана кыргыз тилинде эркин сүйлөйт жана жазат.

Илимий эмгектери түзөтүү


150 дөн ашык илимий, методикалык жана фундаменталдык эмгектердин, бир нече окуу куралдарынын автору.

“Теория спорта” (2002-, 2005-жж),
“Основы здорового образа жизни” (2007-ж),
“Дене маданияты теориясы” (2011-ж) сыяктуу эмгектери жогорку адистик билим берүү мекемелеринде колдонулуп жаткан окуу куралдарынын катарына кирет.
“Высшее физкультурное образование Кыргызстана: современное состояние и перспективы на будущее” (1998-ж) илимий монографиясында көп жылдар боюнча изилдөө предметин түзгөн илимий проблема кенири чагылдырылган.
“Физкультура жана спорт” (200-ж) энциклопедиясынын түзүүчүсү жана жооптуу редактору,
“Ден соолук” энциклопедиясынын (1993-ж) авторлошу,
“Сымбаттуу болуу өзүндөн” (1988-, 1993-жж), “Саламаттыгыңды сактай бил” (1994-ж) илимий-популярдуу китептердин автору.
Илимий макалалары алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө орус, англис тилдеринде жарык көргөн.
Лондондо, Тегеранда, Хиросимодо, Варшавада, Тиранада, Найробиде, Берлинде, Москвада, Санкт-Петербургда, Алматыда, Ташкентте, Краснодарда, Ашхабадда, Актөбөдө жана башка шаарларда өткөрүлгөн илимий конференцияларга катышып доклад жасаган.
Адистик квалификациясын чет өлкөлөрдө өткөрүлүүчү ар түрдүү семинарларга, курстарга катышып жогорулаткан. Бул максатта Греция, АКШ, Германия, Чехия, Латвия, Италия өлкөлөрүндө уюштурулган курстардан окуган.

Илимий ишмердиги түзөтүү


Адистик багытта бир катар уюмдарга мүчө:
ЕврАзЭстин эксперти,
ШОСтун эсперти,
СНГ өлкөлөрүнүн гуманитардык кызматташуу фондунун илим жана билим боюнча эксперти,
Билим берүү мазмунун стандартташтыруу комиссиясынын Кыргызстандык расмий мүчөсү,
Алматыдагы диссертациялык кенештин мүчөсү (1999-2009-жж),
Кыргыз мамлекеттик Арабаев атындагы университеттин алдындагы диссертациялык кенештин төрага орун басары,
Билим жана илим министрлигин коллегия мүчөсү.
Педагогика илимдеринин 3 кандидатын жана 2 докторун жетектеп даярдаган.
Кыргыз Республикасынын Олимпия академиясын жетектеген (1994-2005-жж),
Кыргыз улуттук Олимпия комитетинин мүчөсү (1994-2005-жж),
Кыргыз Республикасынын физкультура жана спорт агенттигинин коллегия мүчөсү (1992-2005-жж),
Кыргыз Республикасынын атайын олимпиада уюмун түптөгөн жана жетектеген (2000-2005-жж).

Сыйлыктары түзөтүү

 
Мамытов Абакир Кыргыз билим берүү академиясынын 60 жылдыгында


Бир катар мамлекеттик сыйлыктардын ээси:
Кыргыз билим берүү тармагына эмгек синирген ишмер (1995-ж),
Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы (1991ж),
“Манас эпосуна 1000 жыл” юбилейлик медалы,
“Кыргыз Республикасына 10 жыл” юбилейлик медалы,
Кыргыз Республикасынын “Билим берүү мыктысы”,
“Дене тарбия мыктысы”,
“Адистик кошундар мыктысы” төш белгилери менен сыйланган.

Ардактуу наамдары түзөтүү


Бир катар чет өлкөлөрү тарабынан уюштурулган сыйлыктардын ээси
Казак Республикасынын билим берүүсүнүн ардактуу кызматкери,
Казак Республикасынын улуттук физкультура жана спорт илим борборунун алтын медалыны менен сыйланган,
Казак спорт жана туризм академиясынын, Өзбекистан мамлекеттик физкультура институтунун, Чүй университетинин ардактуу профессору,
Санкт-Петербургдагы Петров атындагы илимдер жана көркөм өнөр академиясынын мүчө-корреспонденти,
Казахстан педагогикалык академиясынын чет өлкөлүк мүчө-корреспонденти,
СНГ өлкөлөрүнүн билим берүү кызматкерлеринин биринчи курултайына делегат болуп шайланган.

 
Мамытов Абакир кесиптештери менен

Коомдук ишмердиги түзөтүү


Мыйзам чыгаруу, укуктук-нормативдик документтерди даярдоо маселелерине үзгүлтүксүз катышат.
Кыргыз Республикасынын “Билим берүү” мыйзамын иштеп чыккан жана Парламентте коргогон адис (1992-ж),
2003-жылы кабыл алынган “Билим берүү” мыйзамын иштеп чыгууда чон салым кошкон.
Учурда Билим берүү кодексин иштеп чыгуу жумушчу тобун жетектейт.
Физкультура жана спорт жөнүндөгү мыйзамдын (2000-жыл) автору.
Ведомстволор аралык жогорку билим берүү стандартын экспертиза өткөрүүчү комиссияны жетектеп (2003-2006-жж) экинчи муундагы мамлекеттин стандарттардын кабыл алынышына чоң салым кошкон.
Кыргыз билим берүү академиясынын кабарлары журналынын башкы редактору катары илимий методикалык эмгектердин коомго тарашына салым кошот.
Мамлекеттик маанилүү маселерди талдоого активдүү катышат.
Учурда Кыргыз билим берүү академисында жетекчилик кызматта үзүрлүү эмгектенүүдө.

 
Мамытов Абакир Кыргыз билим берүү академиясынын 60 жылдыгында билим берүү жана илим министри К.Садыков, КР эл мугалими И.Бекбоев жана А.Е.Абылкасымова (Казахстан) менен

Үй-бүлөсү түзөтүү

Үй бүлөлүү, эки уул, бир кызы бар.

Ал тууралуу макалалар түзөтүү


Шилтемелер түзөтүү