Манаска байланыштуу топонимдер

Манаска байланыштуу топонимдер


Ындыстан – топоним. Кыргыздардан кыйла алыс жаткан өлкө катары эпостун бир катар эпизоддорунда эскерилет. Манасты байлап кетмекке

Каканчын канны жиберген жигиттердин бири Ы-дын бер жагы Коңгу деген жерден болот. Кошойдун Кырмусшааны багынтышы, Айгандын

окуясы Ы-га караштуу же ага жакын жерлерде өтөт. Алмамбеттин келгенине арнап Манас той берген окуяда учурайт: “Күн үрүш жакка бет алсаң Ысбахан м-н Ындыстан, Кандай барсаң андай бар, Ар ке-региң камдай бар”. Геогр. реалияда

Азиянын түштүгүндөгү Индстан жарым аралы. Батышын Араб деңизи, чыгышын Бенгал булуңу чулгайт. Индстанда Индиянын көпбөлүгү, Пакистан м-н Бангладештин айрым жерлери жайгашкан.

ЫСАР, Гиссар, Хасар, Хисар – топоним. Түрк, араб, иран, Орто Азия өлкөлөрүндө түздүктөрдөгү чеп, сепил; шаарды айланта курулган чеп сымал коргон деген маанини билдирет. Алтайдан көчүп келген кыргыздардын бир тобу Алайдан өтүп Ы. тоосун таянып туруп калышат.

Көкөтөйдүн ашында Ы-га да кабар жиберилип, Салай датка, Санжыбек баштаган эл келет.

Көкөтөйдүн ашына байланыштуу эпизоддо мындай аймак кеңири баяндалат. Ы. “Аягы Ысар, Көлөптө” деп эпикалык кайталоолор м-н берилген.

Анткени, кыргыздар бир кездерде ошол жерлерге чейин барган. Орто Азия окумуштуусу Махмуд Ибн Валинин “Бахр ал-асрар” аттуу

чыгармасында 1636-жылдын башында, кыштын күнү он эки миң кыргыз түтүнү Каракорум м-н Керөлөңдөн Каратегин аркылуу, Гиссардын жанына

келишти деген маалымат берилген. Тарыхый булактар б-ча кыргыздын бир бөлүгүнүн Гиссар, Кулябга жакын Каратегинде пайда болуш мезгилин

1551–1556-жылдар деп белгилесе болот. Ы. (Гиссар) Куляб (Көлөп), Балык (Балх), Каратегин ж. б. Ооган м-н Тажикстандагы жерлер

кыргыздардын ошол мезгилдерден бери жердеп турган жерлери болгон. Геогр. реалияда Орто Азия,

Памир-Алай тоо системасынын батыш бөлүгүндөгү кырка тоо, өрөөн. И. Молдобаев Ыспара, Испара – топоним. Манастын кыз Сайкал м-н беттешкенин сүрөттөгөн эпизоддо «Окчу кыргыз уругу, Ыспаранын уругу» – деп эскерилет.

Ал эми Алооке кандын Манастан коркуп качышы деген эпизоддо мындай берилген: «Атамдан калган жер экен, Намысты кыргыз санайбы, Ынтызар

болдум алууга Ыспар м-н Алайды». Геогр. реалияда Ы. – Баткен р-нуна чектеш Тажикстандагы шаар ж-а өзөн.

Ысык-Көл – топоним.Манас Эпосунда кыргыздардын байыртадан мекендеген жерлеринин бири катары көп эскерилет. Манасата журтун баскынчы жоодон

бошотмок болуп Алтайдан аттанып чыгып, Кошойго жолукканы келе жатып Ы-гө туш келип, суктанат: “Береке экен, бел экен, Бенде көрчү жер

экен, Жердегенде адамды Кан кылуучу жер экен. Жээк-жерге баарысы Бай кылуучу жер экен, Ортосу көпкөк көл экен, Суусунда миңдей төр экен

Жердеген адам бай болчу, Көлүндө ырыс бар экен. Боз мойнокчо, дөбөчө, Түшүп Манас жерчукуйт, Касиеттүү жер экен, Эки эли жерин оодарса

Түгөнгүс алтын бар экен.Жаныбарым Ысык-Көл Жер соорусу турбайбы! Мындай кызык жер болбос, Мындай кызык көл болбос, Будур-будур бел экен, Будурмак аттуу жер экен, Будурдан бугу куюлуп, Жаткан экен жаныбар Будурдун чөбү суюлуп, Ар коктудан жаркырап, Миңден булак куюлуп, Өйүз-бүйүз жери тар Ортосунда жайнаган Сонункөпкөк көлү бар”. Геогр. реалияда көл ж-а жер катары республиканын түн.-чыгышында жайгашкан. Күнгөй ж-а Тескей ьАла-Тоолору м-н курчалган кеңдик багыттагы кенен ойдуңдун таманын ээлеп жатат. Көлдүн азыркы аты байыркы түрк тилиндеги ысык//ызык сөзүнө байланыштырылып, ал ыйык, керемет, азиз, курман, фетиш деген маанини берет.

Эдил– топоним. Кыргызга жамаатташ айрым уруулар байыртан мекендеген жерлердин бири катары эпостун айрым эпизоддорунда эскерилет.Мисалы., “Жакып элди чогултуп, Алтайдан Анжыянга көчөлү деп айтканы” аттуу эпизоддо кеңешке катышкан Байжигит мындай дейт: «Эдил, Нура суусу бар, Эсен-аман ушу бар. Оролдун узун тоосу бар, Ошого жакын барсак деп, бир кыйла элдин оозу бар, Эдил, Жайык жери бар, Энеатабыз өскөн деп, Бир кыйла элдин кеби бар». Э. Волга д-нын мурунку түркчө аталышы. Э. же Итиль деп анын боюнда жашаган башкурт, татар, чуваш ж. б. түрк тилинде сүйлөгөн элдер азыр да айтышат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү