Манаус
Манаус – Бразилиянын түндүгүндөгү шаар. Амазонас штатынын административдик борбору. Калкы 1,9 млн (2010). Амазонкага Риу-Негру дарыясынын куйган жериндеги ири порт (дарыя кемелери келип токтойт; сыртка каучук, бразилия жаңгагын, какао, баалуу жыгачтарды чыгарат). Эл аралык аэропорту бар. Соода борбору. Жыгаччылык, нефть ажыратуу, текстиль, тамак-аш–татымал, тамеки өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, География жана Амазонка тарыхы институту бар. 1660-жылы негизделген. Ботаникалык бак уюштурулган. Шаар тропик токою менен курчалган.
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/8/88/Manaus%2C_AM%2C_Brasil.jpg/220px-Manaus%2C_AM%2C_Brasil.jpg)
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7