Манса
Манса, Манис (Маниса, Манас) – тарыхый топоним, орто кылымдарда Орто-Азияда жайгашкан бийик тоолуу өлкөнүн аты.
Фарсы тилиндеги булактарда 982–983-ж. жазылган. «Худуд ал-Алам мин ал-Машрик илал-Магриб» («Ааламдын чыгыштан батышка чейинки чек аралары тууралуу китеп») деген тарыхый-геогр. эмгекте Манса өтө татаал түзүлүштөгү көп тармактуу залкар тоо системасы катары баяндалат. Аны Имай тоолору м-н гана салыштырууга болот. М. түштүктө Тибеттен башталып, түндүктө «Тараз м-н Шелжинин» (азыркы Талас өрөөнүнүн орто бөлүгү) чегине, батышта Туран ойдуңунан чыгышта Кытайга чейин созулат. Бул залкар тоо системасынын чыгыш жагы Тафкан, борб. бөлүгү Игражарт, түш. тарабы Буттем аталган.
Анын айрым тармактары кыргыздардын өлкөсүн көздөй созулуп жаткан. Игражарттан (Борб. Теңир-тоо) эзели кар кетпей, аны жапайы айбанаттар, бугулар мекендеген. Бугу мүйүзү бул тоолордон туш тарапка тараган. Хатлам (Нарын) дарыясы М. Кыркаларынан башталган. Тоо арасында жашаган тогуз-огуз, йагма, карлук, тухси ж. б. уруулар айылдарда («кийиз үйлөрдө») турушкан; күмүш, алтын, өзгөчө коргошун, темир ж.б. кендер казылып алынган. Манис тоо системасынын негизи бөлүгүн азыркы кыргыз жергесинин Алатоосу ээлеп турган. Талас Алатоосунун эң бийик чокусу – Манас (Манасата) илгерки Маниса топониминин өзгөргөн формасы (А. Н. Бернштам, 1947) же тескерисинче Манас-Атанын (Маниса, Манис) өзү андан мурунку Манас ысымынын араб жазуусунун тыбыштык системасынын бир мүчүлүшүнүн көрүнүшү деп каралышы мүмкүн.
Бүт Евразияны кошпой жалаң гана Кырг-н, Казакстан, Орто Азиянын аймагында Манас деген 20дан ашык топоним жолугат. Манса (Маниса, Манис, Манас) аталышынын этимологиясы али толук аныктала элек. Айрым изилдөөчүлөр анын чыгышын манихейдик маани деген теонимге такашат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2